Жолдон акча тапса алганга болобу же жокупу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгер табылган нерсе өтө эле жөнөкөй болуп, ээси аны издебей турган болсо мисалы: беш сом же он сом ж.б.у.с. анда, аны алып колдонсоңуз болот.
А, эгерде, ээси издей тургандай баалуу болсо анда, аны алып ээсине жеткириңиз. Эгер ээсин таппасаңыз, анда жарыялоочу булактар аркылуу издеп, тапканга аракет кылыңыз мисалы: эл көп жерлердеги кулактандыруу же гезиттеги жарнама ж.б.у.с.
Эгерде ээси табылбаса жана ээсине жетүү мүмкүн эмес деп ойлосоңуз, анда ээсинин тарабынан кедей – кембагалга садака кылып койосуз.
Ал эми, ээси кийинчерээк келип, садаканы кабыл кылбаса, тескерисинче жоголгон нерсесин сураса, анда ошол нерсенин өзүн же акчалай кайтарып берүүңүз керек. Мындай учурда, садаканын сообун сиз алып каласыз.
(ندب رفعها لصاحبها) إن أمن علی نفسه تعریفها وإلا فالترک أولی...(وعرف) أی نادی عليها حیث وجدها وفی الجامع (إلی أن علم أن صاحبها لا یطلبها أو أنها تفسد إن بقیت کالأطعمة) والثمار (کانت أمانة) لم تضمن بلا تعد فلو لم یشهد مع التمکن منه.... (فینتفع) الرافع (بها لو فقیرا وإلا تصدق بها علی فقیر ولو علی أصله وفرعه وعرسه.... (فإن جاء مالكها) بعد التصدق (خیر بین إجازة فعله ولو بعد هلاكها) وله ثوابها (أو تضمینه) (الدرالمختار وحاشیة ابن عابدین (رد المحتار) 6/438
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ