KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Бут кийим менен жаназа намазын окуу

Бут кийим менен жаназа намазын окуу
Жаназа намазында кээбир адамдар бут кийимчен, кээбирөөлөрү бут кийимин чечип устүнө туруп алып намаз окушат, а бирок ал бут кийимдер менен дааратканга жана башка жерлерде басып жүрүшөт. Ушинтип намаз окуса дурус болобу? Же бут кийимди такыр эле чечип алып койуу керекби?
Кээбир адамдар өздөрүнүн сөздөрүн туура деп айтуу үчүн мындай деп да айтышат; качанга чейин бут кийимди бутуна кийип турса анда бут кийим менен буттун байланышуусу «иттисол ковий» болот, ал эми эгер бутту бут кийимден чечип үстүнө турса анда «иттисол зайиф» болот. Эми эгер нажасат бут кийимде болсо анда эчкандай зыян бербейт. Бул сөз канчалык дурус? Ушул 3 сүрөттү; 1) Бут кийимди кийип туруу, 2) Бутту бут кийимден чыгарып үстүнө туруу, 3) Бут кийимди чечип такыр алып койуу, маселесин ачыктап, шарияттын негизинде жооп берип койууңузду өтүнөм.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

1)     Бут кийим кийип алып жаназа намазын окуган сүрөттө, бут кийимдин баары жана бут кийим менен турган орду, жер да таза болуусу керек. Эгер бут кийимдин кайсыл бир бөлүкчөсү же бут кийимдин, орду таза эмес (нажас) болсо анда намаз болбойт. Эгер бут кийимдин асты таза эмес (нажас) болуп калса жана бут кийимдин асты резиновый болуп нажасатты сиңирип албаса анда ал бут кийимди таза жерге  же топурака сүрүү менен таза болот, бирок мындай бут кийимди кийип алып жаназа намазын окубасын. А эгерде нажасатты өзүнө сиңирип алса асты же үстү анда аны жуу менен таза болот.  

و قد قدمنا في باب شروط الصلاة أنه لو قام علي النجاسة و في رجليه نعلان لم يجز، و لو افترش نعليه و قام عليهما جاز و هذا يعلم ما يفعل في زماننا من القيام علي النعلين في صلاة الجنازة لكن لا بد من طهارة النعلين كما لا يخفي (البحر الرائق، كتاب الصلاة، ٣١٥/٢، ط/ دار الكتب العلمية).

2)   Эгерде бут кийим кийип алып намаз окуй турган болсо, анда денедеги кийимдер сыяктуу бут кийим да адамга (таабиъ) ээрчүүчү болуп эсептелет. Ошол себебтен намаз окулуучу жай сыяктуу алардын да таза болуусу зарлы. Эгер бут кийимдин үстүнө туруп алып намаз окуса, бул сүрөттө бут кийим (таабиъ) ээрчүүчү болбойт.

و اذا صلي علي موضع نجس و فرش نعليه و قام عليهما جاز و لو كان لابسا لهما لا يجوز، لأنهما يكونان تبعا له حينئذ. (حاشية علي مراقي الفلاح ١/٣٨٣)

3)   Эгер кайсыл бир адам бут кийимин чечип алып анын үстүнө туруп намаз окуса, анда кайсыл жерде адамдын буту турса, бут кийимдин бир гана ошол бөлүкчөсү таза болуусу жетиштүү. Бут кийимдин асты жагы таза болушу шарт эмес, бирок таза болгону жакшыраак.

و لو افترش نعليه و قام عليهما جاز فلا يضر نجاسة ما تحتهما لكن لا بد من طهارة نعليه مما يلي الرجل لا مما يلي الأرض (حاشية الطحطاوي علي المراقي، كتاب الصلاة، باب أحكام الجنائز ص/٥٨٢، ط/ دار الكتب العلمية).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
17:26
1164

Башка фатвалар

Коранавирус илдети менен каза болгондун жаназасы туурасында
Дүйнө жүзүн «Сovid-19» же «коронавирус» деп аталган оорунун эпидемиясы каптагандыгына байланыштуу ба
Гусул жана жаназа намаз окулбай көмүлсо эмне кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا  1) Негизи, маркум жерге берил
Эгерде намазда эки жолу «Фатиха» сүрөсүн кайталап окуп алса, анда намазды кайта баштан окуу керекпи?
Эгерде кимдир бирөө фарз намаздын биринчи же экинчи рекетинде «Фатиха» сүрөсүн эки жолу