KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Маркум кабырга коюлганда, анын руху да кошулуп киреби?

Маркум кабырга коюлганда, анын руху да кошулуп киреби?
Адамдар: «Өлгөн адам кабырга коюлганда, руху дагы кошулуп кирет» — деп айтышат. Ошондой эле мейиттин жакындары меитти түшүндө көрсө, чоң кишилер: «Көргөнү келишиптир да» — дешет. Рух кабырга киргенден соң, кайра жер жүзүнө чыгабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Маркумду кабырга койгондон кийин, рух дагы кабырдагы маркумдун денесине кайра кирет сурак болгон учурда, андан кийин периштелер анын рухун алып кетишет. Периштелер жакшы адамдардын рухтарын Барзахка «ИЪЛЛИЙИН» деген жерине, ал эми жаман адамдардын рухтарын «СИЖЖИЙЙИН» деген жерине алып кетишет. Алардын ал жерден дүйнөгө келип - кетүүсү, адамдар менен жолугуушусу ж.б.у.с. сөздөрдүн баары негизи жок, туура эмес маалыматтар.

أخرج عن حذیفة قَالَ الرّوح بید ملک وَإِن الْجَسَد لیغسل وَإِن الْملک لیمشي مَعه إِلَی الْقَبْر فَإِذا سوي عَلَيه سلک فِيه فَذَلِک حِین یُخَاطب (شرح الصدور للسیوطي باب معرفة المیت بمن یغسله ط: بیروت).

کلا إن کتٰب الفجار لفی سجین۔ المطففین:۷۔ کلا إن کتٰب الأبرار لفی علیین۔ المطففین: ۱۸۔ قلنا وجه التوفیق: أن مقر أرواح المومنین فی علیین أو فی السماء السابعة ونحو ذلک کما مر ومقر أرواح الکفار فی سجین۔ التفسیر المظهری: ۱۰/ ۲۲۵،).

وقال کعب: أرواح الموٴمنین في علیین في السماء السابعة وأرواح الکفار في سجین في الأرض السابعة تحت جند إبلیس (کتاب الروح، المسئلة الخامسة عشرة، این مستقر الأرواح ما بین الموت إلی یوم القیامة).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
18:50
1600

Башка фатвалар

Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм
Маркумдун үйүндө чогулган элге тамак берүүнүн шариаттагы өкүмү кандай?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен  الجواب حامدا و مصليا Мусулман адам каза болуп, аны
Эки кашынын ортосу кошулуп калса эки каштын ортосун терип койсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде эки кашы кошулуп өтө эле жаман көрүнүш б