KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?

Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?
Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

Бильярд спорттук оюндардын бири экени белгилүү. Бирок бул оюун көпчүлүк учурда ортого акча коюп ойнолот. Ал эми акча коюп ойногондо кумар болот. Кумар ойноо Исламда тыюу салынган. Ошондуктан бильярд ойноо фитналуу орунга айланып, аты жаман болуп калган. Ушул жагын эске алганда, б.а эгер бильярдты кумар үчүн ойносо арам болот. Бул учурда ойногон да жана бильярд клубун ачууга дагы уруксат берилбейт. Жогорудагы жагдайлар болбогон учурда бильярд башка спорттун түрлөрүндөй эле спорт болуп саналат.

Бильярд жана башка спорт оюндар тууралуу бир нече шарттарды жана эрежелерди сактоо менен аларды уруксат кылуу жана кылбоо мүмкүн болот.

Шарттары жана эрежелери:

1) Кайсыл оюндар тууралуу хадистерде ачыктан – ачык тыйылган болсо, ал оюнду ойногонго болбойт.

2) Кайсыл оюндарда арам жана күнөө иш бар болсо, ошол арам же күнөө иштин себебинен ал оюнду ойносо болбойт.

3) Эгерде фарз жана важиб болгон өкүмдөрдөн капилетте калтыруучу болсо ал оюнду да ойногонго тыюу салынат.

4)  Өзүнө же башкаларга зыян жеткирсе же ошол оюнда дене мүчөсүнө катуу зыян алып келинсе ал да болбойт.

5) Эркектер үчүн аялдардын жана аялдар үчүн эркектердин оюну болбойт.

6) Ал эми кайсыл оюндарда жогоруда айтылган кемчиликтер болбосо, тескерисинче дене тарбиялык машыгуу жана адамдын денсоолугуна пайдалуу болсо, мындай оюн мубах ойногонго уруксат берилет.

Ал эми бильярд ойноочу жайды ачып жатканда жогорудагы шарттарды эске алуу менен ачып иштетсе болот. Шарттарды аткара албаса анда иштетпей эле койгону жакшы.

فالضابط في هذا الباب عند مشائخنا الحنفية، المستفاد من أصولهم و أقوالهم: أن اللهو المجرد الذي لا طائل تحته، و ليس له غرض صحيح مفيد في المعاش و لا المعاد حرام او مكروه تحريما، وهذا امر مجمع عليه في الأمة، متفق عليه بين الأئمة، وما كان فيه غرض و مصلحة دينية او دنيوية، فإن ورد النهي عنه من الكتاب او السنة (كما في النردشير) كان حراما او مكروها تحريميا، وألغيت تلك المصلحة و الغرض لمعارضتها للنهي المأثور حكما بأن ضرره أعظم من نفعه...

وأما ما لم يرد فيه النهي عن الشارع، وفيه فائدة و مصلحة للناس، فهو بالنظر الفقهي علي نوعين:

الأول: ما شهدت التجربة بأن ضرره أعظم من نفعه و مفاسده أغلب علي منافعه، وأنه من اشتغل به ألهاه عن ذكر الله وحده و عن الصلوات و المساجد، التحق ذلك بالمنهي عنه لاشتراك العلة فكان حراما او مكروها.

والثاني: ما ليس كذلك،  فهو ايضا إن اشتغل به بنية التلهي و التلاعب فهو مكروه، وإن اشتغل به لتحصيل تلك المنفعة و بنية استجلاب المصلحة فهو مباح، بل قد يرتقي الي درجة الاستحباب او أعظم منه.

وعلي هذا الأصل فالالعاب التي يقصد بها رياضة الأبدان او الأذهان جائزة في نفسها ما لم تشمل علي معصية أخري، وما لم يؤد الانهماك فيها الي الاخلال بواجب الإنسان في دينه و دنياه، والله سبحانه أعلم. (تكملة فتح الملهم: ٤/٤٣٦).

و قال العلامة الشيخ محمد شفيع في "احكام القرآن" : " اعلم أن الشريعة المصطفوية السمحة البيضاء لا تمنع الارتفاقات المصالح التي فطرت عليها الطبيعة البشرية و لا ترتضي الرهبانية و التبتل بل تقتضي المدنية و المعاشرة الصالحة، نعم: تمنع الغلو في المسليات و الانماك فيها بحيث يلهي عن الضروريات الدينية او المعاشية، ومن المعلوم أن من الحاجات المفطور عليها الإنسان تمرين البدن و ترويح القلب و ترويحه ساعة فساعة، ومن  ههنا قال عليه الصلاة و السلام: "روحوا القلوب ساعة فساعة" أخرجه أبوداود في مراسيله عن ابن شهاب مرسلا، وابو بكر المقري في فوائده و القضاعي عنه عن أنس رضي الله عنه. (احكام القرآن: ٣/١٩٤).

وحاصل الكلام أن ترويح القلب و تفريحه و كذا تمرين البدن من الاتفاقات المباحة و المصالح البشرية لا تمنعها الشريعة السمحة برأسها، نعم تمنع الغلو والانهماك فيها بحيث يضر بالمعاش او المعاد، وهذا هو السر في إباحة الملاهي في بعض الأحيان، (احكام القرآن: ٣/١٩٦، ادارة القرآن كراتشي).

فقط والله اعلم و علمه اتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Бактияр Токтогазы уулу
Жакты
+7
15:22
1751

Башка фатвалар

Пабжи (PUBG) ойносо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Пабжи оюнда шариятка ылайык келбеген зыян нерсе
Карта ойносо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатух!
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле