Жашабай калган айларга аренда төлөш керекпи?

Асаляму алейкум, мен квартирада жашайм анан студентмин. Карантинде квартирада жашабай калдым. Суроом: жашабай калган айларга да 3төн бир бөлүгүн төлө деп жатат ушул туура элеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде аренда келишим болгондо кардар алам деп макулдугун бергенден кийин жашабаса же ошол квартираны иштетпесе деле, анда эреже боюнча, толук төлөш керек. Ал эми квартранын ээси пандемияны эске алып үчтүн бир бөлүктү сурап жатканы анын тарабынан сизге жакшылык болуп эсептелет. А эгерде пандемия башталганда сиз аренданы узартпадыңыз, тескеринче сиз аренда келишимди буздуңуз мен эми жашабайым деп, анда аренда кайсы айда бүткөн болсо, ошол айга төлөшүңүз керек, ал эми кийинки айларга төлөбөйсүз.
في الدر: (فيجب الأجر لدار قبضت ولم تسكن) لوجود تمكنه من الانتفاع.
وتحته في الرد: (قوله تمكنه منه) في الهداية: وإذا قبض المستأجر الدار فعليه الأجرة وإن لم يسكن. قال في النهاية: وهذه مقيدة بقيود: أحدها التمكن... والثاني أن تكون صحيحة...إلخ (رد المحتار ٦/١١ ط: سعيد).
والله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали