Үйдү жин – шайтандардан кантип тазалоо керек? Эмне амал жасаш керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Негизи үйгө киргенден баштап толлук үйдүн ичиндеги сүннөт амалдарга көңүл буруу керек мисалы: үйгө кирип жатканда окулуучу дуба, үйдөгүлөргө салам айтып кирүү, үйдөгү ажатканага кирип – чыгып жатканда окулуучу дуба, тамак жеп баштоодн мурун айтылчу дуба ж.б. себеби Аллахты эстөө, зикир кылуу бул шайтанды үйдөн кууп чыкканга эң чоң амалдардын бири болуп саналат. Ошондой эле Алланын китеби Курани Каримди көп – көп окуу бул үйдү жыпар жыттуу, таза кармайт жана шайтанды үйдөн кууп чыгарат. Бир хадисте мындай деп келет:
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Үйүңөрдү мүрзө кылып албагыла! Шайтан «Бакара» сүрөсү окулган үйдөн сөзсүз качат».
Дагы бир хадисте:
Абу Хурайра (разияллооху анху) дан риваят: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Бакара сүрөсүндөгү бир аят бардык аяттардын башчысы ал кайсыл үйдө окулса шайтан тезинен качып чыгат. Ал «Аятулкурси» аяты».
Аллахты эстебөө, зикир кылбоо шайтанга өз үйүн жана тамак – ашын табууга мүмкүнчүлүк болуп саналат.
Ошондуктан, Оо, мусулман бир туугандар! Кайдыгерликтен алыс болуп, Алланы зикир кылууну важиб кылгыла, анткени Алланы зикир кылуу күчтүү амал жана эң жакшы жол.
عَن اَبِى هُرَيْرَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ اَنَّ رَسُولَ الله صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ قَالَ: لَ تَجْعَلُوا بيُوتَكُمْ مَقَابِرَ اِنَّ
الشَّيْطَانَ يَنْفِرُ مِنَ الْبَيْتِ الَّذِى تُقْرَأُ فِيهِ سُورَةُ الْبَقَرَةِ. رواه مسلم، باب استحباب صلاة النافلة في بيته.رقم الحديث:١٨٢٤).
عَنْ اَبِى هُريْرَةَ رَضِىَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ الله صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: سُورَةُ الْبَقَرَةِ فِيهَ ا آيَةٌ
سَيِّدَةُ آيِ الْقُرْآنِ لَتُقْرَأُ فِىبيْتٍ وَ فِيهِ شَيْطَانٌ اِلّاَ خَرَجَ مِنْهُ آيَةُ الْكُرْسِىِّ. رواه الحاكم صحيح الإسناد، الترغيب
رقم ٦ / ٣٧٠).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ