Кечирбесе эмне кылуу керек?
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Туура, капа кылып алган болсоңуз кечирим суроо керек. Кечирим сураганыңызга карабастан, ал адам кечирбесе демек ал адамдын жүргө катуу, таш боор экенин билдирип турат. Андай кылбоо керек, себеби Аллах Таала кечирүүнү жакшы көрөт жана хадистерде кечиримдүүлүккө көп басым жасаган.
Эгер ал кечирбесе, анда аны кечиртүүгө аракет кылып, аны мактап, ага болгон сүйүүңүздү билдирип, эгер анын жүрөгүн белектер жумшарта алса, анда тартынбай белек берип кечирүүнү талап кыла бериңиз. Ал эми эгер жашоодо кечирбей өтүп кетсе, анда ал үчүн артынан дуба кылып, соопту жеткире бериңиз. Ин шаа Аллах бул амал сиздин күнөөңүздүн кечирилишине себеп болот.
ویعتذر إليه لیسمح عنه بأن یبالغ في الثناء عليه والتودد إليه ویلازم ذلک حتی یطیب قلبه، وإن لم یطب قلبه کان اعتذاره وتودده حسنة یقابل بها سیئة الغیبة في الآخرة․ وعليه أن یخلص في الاعتذار وإلا فهو ذنب آخر (رد المحتار: ج/٦، ص/٤١١، ط/سعيد).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ