KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Джин чыгаруу боюнча шариат эмне дейт?

Джин чыгаруу боюнча шариат эмне дейт?
Джин чыгаруу боюнча шариат эмне дейт жана кандай шарттары бар? Азыркы заманада көп деген джинологтор бар, алардын кылганы шариатка туура келеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Кээ бир учурларда адам баласына көз тийип калат же сыркоолоп калат жана жин кирип кетет. Көз тийүү жана жин кирүү деген түшүнүк акыйкатта бар. Ушул боюнча сахих хадистер да бар жана тажрыйбада көрүп жүрөбүз. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва салламга)  да көз тийген жана жин менен ооруп калган кээ бир адамдарды касийеттүү аяттарды окуп даарылаган. Негизи бирөөгө жардам берүү соопчулук жакшы нерсе. Албетте шариатта даарылаганга уруксат берилген, бирок шариаттын толук шарттарын сактоо зарыл.

Ошондо деле бул нерсени (дем салганды) кесип кылып алуу аалымдар жакшы эмес деп жазышкан.

Биздин заманда тилекке каршы жин, сыйкыр жана көз тийген адамдарды даарылаган адамдар өтө көп болуп кетти. Алардын көпчүлүгү ушул кесипти жакшы билишпейт, бир гана акча табуу үчүн өзүн жинолог катары көрсөтөт. Ошондой эле көптөгөн шариаттын эрежелерин сакташпайт, ошонун себебинен эл тарабынан көп арыздануулар түшөт.

Ал эми бир адам ошондой даарылоого муктаж болсо, анда дем салдыруучу төмөндөгү шарттарды эске алууну эскертебиз:

1. Дем салдырганда аял жабынып отуруусу керек.
2. Дем салган адам такыбаа, кудайдан корккон, өз ишин жакшы билген. Дем салуу жана жин чыгаруу боюнча элдин ичинде ишенимдүү жана ишмердүүлүгүн тастыктаган болуусу керек.
3. Аялдарды жалгыз жөнөтпөө керек.

Дем салуучу төмөндөгү шарттарды эске алууну эскертебиз:

1. Дем салып жаткан адам ушул ишти жакшы билген адис (профессионал) адам болуусу керек.
2. Дем салуучу адам толук шариаттын нормаларын сакташ керек. Эгерде шариаттын эрежелерин сактабаса, анда дем салуучу адам бул иш менен алек болгонго укугу жок.
3. Ислам акыйдасына туура келген дуба же амалдар болуу зарыл. Эгер туура келбесе анын дем салуусу исламды колдонуп элди алдаганга барабар.
4. Чоочун аял менен жалгыз калып дем салган болбойт, мисалы: бир комнатада же бир квартирада даарылаган адам менен чогуу калган болбойт, аял сөзсүз махрамы менен чогуу болуусу керек. Ошол үчүн аялдар жалгыз дем салдырганы барбасын.
5. Аялга кол тийгизүү жана башка жосунсуз аракеттер катуу тыюу салынган жана шариатта арам болуп эсептелет. Ушундай кылган жинолог акыйкатта жинолог эмес, алдамчы бузуку адам.
6. Ушул иш менен алек болгон адамда шариаттын базалык илимине ээ болуусу зарыл. Шариаттын илими жок адам бул иштерди аткарууга акысы жок.

عن عوف بن مالك الأشجعي رضي الله عنه قال: كنا نرقي في الجاهلية فقلنا: يا رسول الله كيف ترى في ذلك؟ فقال: "اعرضوا علي رقاكم لا بأس بالرقى ما لم يكن فيه شرك" رواه مسلم. (مشكاة المصابيح ص:۳۸۸ كتاب الطب ط: قديمي).

ولا بأس بالمعاذات إذا كتب فيها القرآن أو أسماء الله تعالى وإنما تكره العوذة إذا كانت بغير لسان العرب ولا يدرى ما هو ولعله يدخله سحر أو كفر أو غير ذلك، وأما ما كان من القرآن أو شيء من الدعوات فلا بأس به (٦/۳٦۳ ط: سعيد).

وفيه أيضا: جوزوا الرقية بالأجرة ولو بالقرآن، كما ذكره الطحاوي لأنها ليست عبادة محضة، بل من التداوي (رد المحتار ٦/٥٧ ط: سعيد).

الخلوة بالأجنبية حرام (سكب الأنهر على هامش المجمع ٤/۲٠۳ ط: دار الكتب العلمية).

فإذا تقرب صاحب العزائم والأقسام وكتب الروحانيات السحرية وأمثال ذلك إليهم بما يحبونه فمن الكفر والشرك صار ذلك كالرشوة والبرطيل لهم فيقضزن بعض أغراضهم كمن يعطي مالا ليبتل له من يريد قتله... ولهذا كثير من هذه الأمور يكتبون فيها كلام الله تعالى بالنجاسة وقد يقلبون حروف "قل هو الله أحد" أو غيرها بنجاسة. (آكام المرجان في أحكام الجان ص: ١٠٠ الباب الثامن والأربعون).

ذكر أبو الحسن الأشعري في مقالات أهل السنة والحماعة أنهم يقولون: إن الجن تدخل في بدن المصروع... وقال القاضي عبد الجبار: إذا صح ما دللنا عليه من ورقة أجسام وأنها كالهواء لم يمتنع دخولهم في أبداننا كما يدخل الريح والنفس والمتردد الذي هو الروح في أبداننا من التخرق والتخلخل (آكام المرجان في أحكام الجان ص: ١٠۸ الباب الثامن والأربعون).

والله اعلم

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
20:36
1400

Башка фатвалар

Шарият боюнча кантип туура карызга берүү керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا 1.
Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ханафи мазхабына ылайык шарият боюн
Маркумдун үйүндө чогулган элге тамак берүүнүн шариаттагы өкүмү кандай?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен  الجواب حامدا و مصليا Мусулман адам каза болуп, аны