KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Кантип жакшы адам болобуз?

Кантип жакшы адам болобуз?
Ассаламу алайкум. Жакшы адам болуш үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керек?

Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху

بسم الله الرحمن الرحيم

الجواب حامدا و مصليا

Жакшы адам болуш үчүн эң биринчи Жараткан Аллахтан коркуп жана кулк мүнөзүн оңдоого аракет кылуу керек. Бир жолу Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) дан: «Элдердин эң жакшысы ким»? деп суралды. Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам): «Махмум жүрөк жана тили чынчыл киши» деп жооп берди.  Сахабалар: «Тили чынчылды билебиз. Махмум жүрөк ким?» деп сурашты: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Махмум – такыба, жүрөгү таза, анда күнөөсү, зулуму жок, жана анын жүрөгүндө көрө албастык, кек сактоо да жок». Жүрөгү таза дегени анын жүрөгү Аллатан башка тура эмес ката пикирлерден таза. Демек, мына ушундай сапаттарга эмгек кылуу менен жакшы адам болууга жетебиз.

Аллахым! Баарыбызды Өзүнүн сүйгөн, жакшы көргөн пенделеинен кылсын жана жаман – ушак сөздөрдөн, фитналардан сактаган болсун. Амин.

عَنْ عَبْدِ اللهِ بْنِ عَمْرٍو رَضِىَ اللهُ عَنْهُمَا قَالَ: قِيلَ لِرَسُولِ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: أَىُّ النَّاسِ أَفْضَلُ؟ قَالَ: كُلُّ مَخْمُومِ الْقَلْبِ، صَدُوقِ اللِّسَانِ قَالُوا: صَدُوقُ اللِّسَانِ نَعْرِفُهُ فَمَا مَخْمُومُ الْقَلْبِ، قَالَ: هُوَ التَّقِىُّ النَّقِيُّ لاَ إِثْمَ فِيهِ وَ لاَ بَغْىَ وَ لاَ غِلَّ لاَ حَسَدَ. (رواه ابن ماجه ،باب الورع و التقوى، رقم: ٤٢١٦).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+5
00:42
1019

Башка фатвалар

Имам эгерде рүкүдө болсо келген адам кантип кошулат?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде имам рүкүдө болсо жана рүкүдө
Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм