KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?

Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Ассаламу алейкум ва рахматулоохи ва баракаатуху. Жума намазга барганда имам минбарга чыгып, худба окуп баштаптыр. Мен жума намаздын 4 рекет сунотуно ниет кылып окуп баштап, 2 рекетине жеткенде коомат айтыла баштаганда, мен экинчи рекетте салам айтып бутуруп, парз намаз сабына туруп кеттим. Меники туурале болдубу?

Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен.

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

الجواب حامدا ومصليا

      Имам жума күнү хутба окуш үчүн өзүнүн бөлмөсүнөн чыккан убакыттан баштап, же ордунан туруп минбарга турган учурдан баштап, жума намаздын фарз намазы окулуп бүткөнгө чейин суннөт жана нафил намаздарды окуу макрух тахрими болуп эсептелет. М.а. хутба окулуп жатканда нафил, же сүннөт намаз окуганга болбойт. Ошол үчүн имам хутба окуп баштагандан кийин сиз сүннөт намазды окуп баштаганыңыз туура эмес. Эгерде сиз төрт рекет сүннөт намазды хутба баштаганга чейин баштасаныз, кийин имам чыгып хутба окуп баштаса, анда ошол төрт рекет намазды бүтүргөнгө уруксат.

        Албетте, фарз намаз башталып калса, анда сүннөт намаздын эки рекетин бүтүрүп фарз намазга кошулганыңыз туура болот.

في الدر: (إذا خرج الإمام) من الحجرة إن كان وإلا فقيامه للصعود شرح المجمع (فلا صلاة ولا كلام إلى تمامها). (رد المحتار ۲/١٥۸ ط: سعيد). 

في الدر: (وكذا سنة الظهر و) سنة (الجمعة إذا أقيمت أو خطب الإمام) يتمها أربعا (على) القول (الراجح) لأنها صلاة واحدة.

وتحته في الرد: (قوله خلافا لما رجحه الكمال) حيث قال: وقيل يقطع على رأس الركعتين وهو الراجح؛ لأنه يتمكن من قضائه بعد الفرض... أقول: وظاهر الهداية اختياره... ولم يكن في التسليم على الركعتين إبطالا لها وإبطال وصف السنية لما هو أقوى منه من إمكان تداركها بالقضاء بعد الفرض لا محذور فيه تدبر. (رد المحتار ۲/٥۳ ط: سعيد).

وفي الدر: (بخلاف سنة الظهر) وكذا الجمعة (فإنه) إن خاف فوت ركعة (يتركها) ويقتدي (ثم يأتي بها) على أنها سنة (في وقته) أي الظهر (رد المحتار ۲/٥۸ ط: سعيد).  

        Эскертүү: Намаздан чыгыш үчүн оң тарапка бир салам берип намаздан чыксаңыз болот.

في الدر: (يقطعها)... (قائما)... ويكتفي (بتسليمة واحدة) هو الأصح غاية. (رد المحتار ۲/٥١-٥۲ ط: سعيد).

والله أعلم بالصواب

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+6
20:03
4315

Башка фатвалар

Нафил намазды жамаат түрүндө окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Нафил намазды жамаат менен окуу макрух (болбойт)
Фарз намаздын үчүнчү жана төртүнчү рекетте таспих эле айтып койсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Фарз намаздын үчүнчү жана төртүнчү рекетте тасби
Аср намазын шам намаздын убактысына 10 минут калганда окуса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Аср намазды ушунчалык кечиктирип окуу чоң күнөө