KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Күнөсүн моюна алып тооба кылгандан кийин аны каралаган кандай болот?

Күнөсүн моюна алып тооба кылгандан кийин аны каралаган кандай болот?
Ассаламу алайкум
Менин суроом мындай: Урматтуу Аалымдар! Эгер бир адам билбей ката иш кылып алса, ошол каталыгыны элге жарыялап ашкере кылуу динде кандай каралат? Аллах Ыраазы болсун!

Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху

بسم الله الرحمن الرحيم

الجواب حامدا و مصليا

Эгер билбей ката иш кылып алып жана каталыгын мойнуна алып тооба кылган болсо, анда ошол адамдын каталыгын элге жарыялап ашкере кылуу күнөө болуп саналат. Бир хадисте мындай деп келген: Пайгамбар (саллаллооху алайхи ва саллам) айтты: «Ким бул дүйнөдө бирөөнүн кыйынчылыгын жеңилдетсе, Аллах Таала Кыямат Күнү анын кыйынчылыгын жеңилдетет. Ким бул дүйнөдө мусулмандын кемчилигин жапса, Аллах Таала акыретте анын кемчилигин жабат. Эгерде пенде бир тууганынын жардамында боло берсе, Аллах Таала анын жардамында боло берет. Дагы бир хадисинде мындай келген: «Ким сени тилдеп сенде билген кемчилигиңди айтып айыптаса, сен анын кемчилигин айтып айыптаба. Себеби айыптагандын күнөөсү айыптоочуга болот». Дагы бир риваятта мындай: «Эң жаман сүткордук – мусулман тууганынын аброюн төгүү (ыззатын кетирүү, ушактоо, төмөн саноо, уят кылуу ж.б.)».  Ошондуктан Урматтуу мусулман бир тууган! Мусулмандарга ыза бербегиле, айыптабагыла жана кемчиликтерин издебегиле». Ал эми, ким бир момунда жок эле кемчиликти айтып жалаа жапса, аны тозоктогулардын ириң, кан баткагына салып койот (ал жалаанын жазасын алып таза болгончо)– деп айтылган.

Жараткан Аллах Таалам баарыбызга таза жүрөк, чындыкты сүйлөгөн тил берсин жана жаман күмөндөрдөн, бирөөнүн айыбын изденүүдөн арылтсын».

عَنْ اَبِى هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: مَنْ وَسَّعَ عَلَى مَكْرُوبٍ كُرْبَةً فِى الدُّنْيَا وَسَّعَ اللهُ عَلَيْهِ كُرْبَةً فِي اْلآخِرَةِ، وَ مَنْ سَتَرَ عَوْرَةَ مُسْلِمٍ فِى الدُّنْيَا سَتَرَ اللهُ عَوْرَتَهُ فِى اْلآخِرَةِ، وَاللهُ فِى عَوْنِ الْمَرْءِ مَا كَانَ فِى عَوْنِ أَخِيهِ. (رواه أحمد ٢/٢٧٤).

إِنِ امْرُؤٌ شَتَمَكَ وَ عَيَّرَكَ بِمَا يَعْلَمُ فِيكَ فَلاَ تُعَيِّرْهُ بِمَا تَعْلَمُ فِيهِ، فَاِنَّمَا وَ بَالُ ذَلِكَ عَلَيْه ِ)وهو بعض الحديث(  (رواه ابو داؤد ،باب ما جاء فى اسبال الإزار، رقم٤٠٨٤).

عَنِ ابْنِ عُمَرَ رَضِىَ الله عَنْ هُمَا قَالَ: قَالَ رسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: لَا تُؤْذُو الْمُسْلِمِينَ وَ لَا تُعَيِّرُوهُمْ، وَ لَا تَطْلُبُوا عَثَرَاتِهِمْ . )وهو جزء من الحديث( رواه ابن حبان، قال المحقق: اسناده قوي:٧٥/١٣).

عَنِ الْبَ رَّاءِ بْنِ عَازِبٍ رَضِىَ اللهُ عَنْ هُمَا قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَ سَلَّمَ: وأرْبَى الرِّبَا اسْتِطَالَةُ الرَّجُلِ فِى عِرْضِ اَخِيهِ. )وهو بعض الحديث( رواه الطبرانى فى الأوسط وهو حديث صحيح، الجامع الصغير:٢/٢٢).

فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
21:11
520