Балыкты союш керекпи?

Балыктын өлүп калганы адалбы, эгерде тирүү кармап алсан Бисмиллах деп союш зарылбы?
بسم الله الرحمن الرحيم
الجواب حامدا و مصليا
Балык адал болуш үчүн аны союу зарыл эмес, кармагандан кийин өлүп калса, ал адал боло берет. Бирок эгерде балык сууда өз өлүмү менен өлүп калса, суудун бетинде калкып калса, анда ал адал болбойт.
في الدر: (ولا) يحل (حيوان مائي غلا السمك) الذي مات بآفة ولو متولدا في ماء نجس... (غير الطافي) على وجه الماء الذي مات حتف أنفه وهو ما بطنه من فوق... إلخ. (رد المحتار ٦/۳٠٦ ط: سعيد).
والله اعلم
Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали