Намаз калып кетсе күнөө болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысысмы менен
Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
الجواب حامدا ومصليا
Балагатка жеткен, акыл-ээси жайында болгон ар бир мусулманга 5 убак намаз окуу – парз. Намаздарды калтыруу – чоң күнөө болуп эсептелет. Ошондуктан, кандай жагдай болбосун, намазды калтырбаңыз. Тообо кылып, ниетиңизби бекем коюңуз. Намаздын зарылчылыгы, анын пайдалары тууралу китептерди окуп, баяндарды угуңуз. Аллах Таала Ыйык Куранда намаз тууралу өтө көп жерде эскерткен:
*إن الصلوة كانت على المؤمنين كتابا موقوتا*
«Чындыгында намаз момундар үчүн белгиленген убакыттарга дайындалган (парз кылынган)» (Ниса, 103).
Демек, ар бир намазды өз убагында, калтырбастан окуу бизге парз болуп жүктөлгөн.
و عن ابن مسعود قال: سألت النبي صلى الله عليه و سلم أي الأعمال أحب الى الله تعالى؟ قال: "الصلاة لوقتها"...
Ибни Масъуд (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: Мен Пайгамбарыбыздан (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) амалдардын кайсынысы Аллахка сүйкүмдүүрөөк деп сурадым, Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Өз убагында окулган намаз» деп жооп берди. (Мишкат)
Бул хадис «Шахадат келимисинен кийин эң абзел ибадат – бул намаз» деген аалымдардын далили болот. Аллахтын пенделерине берген эң абзел ибадат бул – намаз. Намаз аркылуу Кудай Таалага жакындайбыз.
Ошондой эле, динибизде намазды эч бир себепсиз калтыргандарга катуу эскертүүлөр айтылган:
*فويل للمصلين* الذين هم عن صلاتهم ساهون*
«Азап (болсун) намаз(ды начар) окуучуларга. Анткени алар намаздарын унутуп коюшат». (Маауун 5, 6).
Аяттагы «Намаздарын унутуп коюшат» дегени – намаздарына көңүл бурушпайт, каза кылышат, талаптагыдай окушпайт деген сыяктуу капилетте жүргөн адамдар киришет деп аалымдарыбыз айткан.
قال رسول الله صلى الله عليه و سلم: أول ما يحاسب عليه العبد الصلوة، فإن صلحت فقد أفلح و أنجح، و إن فسدت فقد خاب و خسر.
Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаваты болсун) айткан:
«(Кыямат күнү) пендеден эң биринчи намаз тууралу эсеп-кысап болот. Эгерде намазы жакшы чыкса, анда ал ийгиликке жетишет. А эгерде намазы дурус болбосо, анда ал зыян тартып, бактысыз болот» (Тирмизи).
Жараткан Аллах сизге, бардыгыбызга күч-кубат берсин! Намазыңызды эч качан калтырбаңыз.
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق