Имамдан мурда бир рүкүндү аткарып койсо эмне болот?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде муктади (намазда имамды ээрчиген адам) имамдан мурда бир рүкүндү шашып аткарса, мисалы: муктади рүкүгө кетти, имам рүкүгө барганга чейин муктади рүкүдөн башты көтөрдү жана имам менен кошо кайра же имамдан кийин рүкүнү аткарбады, анда муктадинин намазы бузулат. Бул маселеде, унутуп калып же атайылап кылса да, бул эки абалда тең намаз бузулат. Ошол намазды кайтарып окуу муктади үчүн зарыл болот.
Имам биринчи сажданы бүтүрө электе, муктади эки сажданы тең бүтүрүп койсо, анда муктадинин экинчи саждасы эсептелбейт. Экинчи сажданы кайтарып кылыш керек, болбосо намаз бузулат.
فلو لم يركع أصلا أو ركع ورفع قبل أن يركع إمامه ولم يعده معه أو بعده بطلت صلاته (رد المحتار ١/٤٧١ ط: سعيد).
Ал эми, эгерде муктади имамга чеийн же имамдан кийин кандайдыр бир амалды аткарса, бирок имам менен бирге ошол амалда шерик болсо, анда намаз дурус болот, бирок макрух тахрими болуп калат.
ويكره للمأموم أن يسبق الإمام بالركوع أو السجود وأن يرفع رأسه فيهما قبل الإمام (الفتاوى الهندية ١/١٠٧ ط: سعيد).
في الدر: واعلم أنه مما يبتني على لزوم المتابعة في الأركان أنه لو رفع الإمام رأسه من الركوع أو السجود قبل أن يتم المأموم التسبيحات الثلاث وجب متابعته وكذا عكسه فيعود.
وتحته في الرد: (قوله وكذا عكسه) وهو أن يرفع المأموم رأسه من الركوع أو السجزد قبل أن يتم الإمام التسبيحات.
(قوله فيعود) أي المقتدي لوجوب متابعته لإمامه في إكمال الركوع وكراهة مسابقته له، فلو لم يعدارتكب كراهة التحريم (رد المحتار ١/٤٩٤-٤٩٥ ط: سعيد).
والله اعلم