KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Энергетикалык суусундуктар

Энергетикалык суусундуктар
Энергетикалык суусундуктарды ичсе болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Энергетикалык суусундуктары 1977-жылдардан кийин дүйнөдө чыга баштаган. Азыркы учурда дүйнөлүк деңгээлден тартып жергиликтүү өндүрүшчүлөргө чейин түрдүү энергитикалык суусундуктарды өндүрүшөт. Алардын арасында алкоголь камтыганы да бар. Алкоголь камтылганын ичкенге таптакыр болбойт. Негизинен энергетик суусундуктары чыйралтуу мүнөзгө ээ. Ошондой эле алардын сыртында күнүнө канча көлөмдө ичүү керектиги да жазылган. Себеби, кээ бир адамдардын ден-соолугуна терс таасир бериши ыктымал.

Адал жана арам маселесинде тамак-аш жана суусундуктардын курамына, анын зыянына карап өкүм чыгарылат. Негизинен тамак-аштын курамында арам жана зыяндуу нерсе жок болсо адал болуп эсептелет. Ошондой эле, халал сертификаты энергетикалык суусундуктун халал сертификатына шайкеш келип, талаптарга ылайык болсо гана берилет. Халал белгиси турган энергетикалык суусундуктар боюнча суроо пайда болсо өндүрүшчүгө же халал сертификатын берген тараптан сурап тактаса болот. Ар бир энергетикалык суусундук өзүнчө каралып текшерилиши керек. Азыркы күнгө чейин КМДБ тарабынан энергетикалык суусундукту чыгарган компанияга халал сертификаты бериле элек.

قُل لاَ أَجِدُ فِيمَا أُوحِيَ إلَيَّ مُحَرَّمًا عَلَى طَاعِمٍ يَطْعَمُهُ. سورة الأنعام / 145

قَوْلُهُ صَلَّى اللَّهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ: مَا أَحَل اللَّهُ فِي كِتَابِهِ فَهُوَ حَلاَلٌ وَمَا حَرَّمَ فَهُوَ حَرَامٌ وَمَا سَكَتَ عَنْهُ فَهُوَ عَافِيَةٌ فَاقْبَلُوا مِنَ اللَّهِ عَافِيَتَهُ فَإِنَّ اللَّهَ لَمْ يَكُنْ نَسِيًّا. أخرجه الحاكم (2 / 375 - ط دائرة المعارف العثمانية) من حديث أبي الدرداء

والله اعلم

Жооп берди:
Бактияр Токтогазы уулу
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+5
18:29
1378