KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Пайгамарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салаватка муктажбы?

Пайгамарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салаватка муктажбы?
Ас-саламу алейкум! Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салават айтууга көп жерде бизди кызыктырат. Пайгамарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салаватка муктажбы?

МээриммдүүЫрайымдуу Аллахтын ысысмы менен

Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!

الجواب حامدا ومصليا

Шариятыбыздын көрсөтмөсү боюнча Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) аты эскерилсе, ага сөзсүз салават-салам айтылат. Салават айтуу –  Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) салаватка муктаж болгондугунан эмес. Балким, Аллах Тааланын өкүмүнө баш ийүү, Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) болгон сый-урмат, сүйүүбүздү ачыктоо үчүн жолдонот. Салават айтканга биз өзүбүз муктажбыз. Себеби, Жараткан Аллах Таала Ыйык Куранда мындай деп өкүм берген:

إن الله و ملائكته يصلون على النبي يأيها الذين ءامنوا صلوا عليه و سلموا تسليما (الأحزاب ٥٦)

 «Чындыгында, Аллах Таала жана Анын периштелери пайгамбарга салават айтып турушат. Оо, ыйман келтиргендер! Силер да ага салават жана салам айткыла» (Ахзаб56).

Демек, пайгамбарга салават айтуу бул алгач Жараткандын өкүмүнө баш ийүү болуп саналат. Ошондой эле, хадистерден маалым болгондой салават айтууга биз өзүбүз муктажбыз. Себеби, салават-салам айтуунун өтө чоң пазилеттери айтылган. Салават айтуу күнөөлөрдүн кечирилишине, даражанын көтөрүлүшүнө, көптөгөн жакшылыктарга жана бейишке кирүүгө себеп, кайгы жана кападан арылууга оңой жол, унутчаактыкты жок кылат, салават айтылып кылынган дубалар сөзсүз кабыл болот, салават айткан адамга Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) шапааты насип этилет.

عن عبد الله بن عمرو بن العاص أنه سمع رسول الله صلى الله عليه و سلم يقول: من صلى علي واحدة صلى الله عليه عشرا.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айткан:

«Кимде-ким мага бир салават айткан болсо, Аллах Таала ага он салават жолдойт» (Муслим).

عن عبد الله بن مسعود أن رسول الله صلى الله عليه و سلم قال: أولى الناس بي يوم القيامة أكثرهم علي صلاة.

Пайгамбарыбыз (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) айтат:

«Кыямат күнү элдердин мага эң жакыны, мага эң көп салават айткандары» (Тирмизи).

Андыктан, Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) аты аталган жерде салават-салам айтууну адат кылалы. Салават айтуу бул Аллахка моюн сунгандыктын, Пайгамбарыбызды (Ага Аллахтын салават-саламдары болсун) унутпай, аны сүйгөндүктүн белгиси.

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Колдонулган китептер: «Тафсир Мунир», «Ал-Азкар».

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+9
23:26
434

Башка фатвалар

Кыямат күнү мусулмандар Аллахтын жүзүн көрөбү?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Чындыгында, момун-мусулмандардын акыретте Аллах