Имам кимдир бирөөнүн келип калуусун эске алып кыраатын узун кылуусу болобу?
Имам кимдир бирөөнүн келип калуусун эске алып кыраатын узун кылуусу болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Имамдын жамаатка бирөөнүн келип калуусун эске алып кыраатты узун кылуусу макрух. Ал эми, эгер жамаатка келип калуучу адамды тааныган болуп, атайын кыраатты узартса макрух тахримий болот. Бирок, эгер келүүчү адамды тааныбаса анда макрух танзихий болот. Жогорудагы сүрөттөрдүн барында намаз боло берет, кайтаруунун кереги жок. Бирок сообу азайтылган болот.
و كره تحريما اطالة ركوع او قراءة لإدراك الجائي: أي ان عرفه والا فلا بأس به ولو أراد التقرب الي الله تعالي لم يكره إتفاقا لكنه نادر وتسمي مسألة الرياء فينبغي التحرز عنها، (الدر المختار مع الرد: ج/١،ص/٤٩٥، باب صفة الصلاة ، مطلب في اطالة الركوع للجائي، ط: سعيد، حلبي كبير، ص/٣١٧، كراهية الصلاة).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ
Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали