Имам намазда кайсыл жерде туруусу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Имам намазда жамааттын так ортосунда туруусу керек, оң тараптагы жана сол тараптагы уюучулар бирдей болуш керек. Эгер оң тараптагы уюучулар көп болсо сүннөткө каршы келет.
Имамдын намазда туруусунун сүннөт жолу мындай: Имам михрабтын ортосунда турат, эки тараптагы уюучулар бирдей болгон абалда. Кийин келип сапка кошулган уюучуларда ушуну эске алышы керек, кайсы тарап азыраак болсо ошону теңдеп, ортодо ачык жер калса ал жерди толуктап сапка туруу керек.
السنة ان يقوم في المحراب ليعتدل الطرفان ولو قام في احد جانبي الصف يكره....قال عليه الصلاة والسلام "توسطوا الإمام وسدوا الخلل" ومتي استوي جانباه يقوم عن يمين الإمام ان أمكنه وان وجد في الصف فرجة سدها والا انتظر حتي يجئ آخر فيقفان خلفه، (فتاوي شامي: ج/١،ص/٥٦٨/ كتاب الصلاة، باب الإمامة، ط: سعيد).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ