Кирне кириптир деп калышат, негизи шариатта кирнелетүүгө уруксаты?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Кыргыздар "кирне" кирип калыптыр, кирнелеп койуш керек деп бирөөнүн көзү тийип, суугу тийип калганды айтып койушат. Албетте мындай нерселер б.а. көз тийүүсү же сыйкырланып калуусу да мүмкүн, шариятка да каршы келбейт. Ошол себебтен алардан сактануунун жолун да шарият көргөзгөн. Ал эми, шарият көрсөткөн жол, эгерде дем салууда куфр жана ширкке байланыштуу тыюу салынган эч нерсе жок болсо жана ал дем өзү заатан тасир берет деп эсептебесе, анда уруксат берет, жана ошондой эле Куран аяттары жана хадисте келген сөздөр менен окуп дем салуу жакшыраак. Ал эми, кирнелеп жатканда куфр, ширк сөздөр жок болсо, анда кирнелеп койсо боло берет.
عن عوف بن مالك الأشجعي قال: كنا نرقي في الجاهلية فقلنا: يا رسول الله كيف تري في ذلك؟ فقال: اعرضوا علي رقاكم، لا بأس بالرقي ما لم يكن فيه شرك. (مسلم رقم الحديث: ٢٢٠٠، باب: لا بأس بالرقي ما لم يكن فيه شرك).
عن عمرو بن شعيب عن أبيه عن جده أن رسول الله صلي الله عليه وسلم كان يعلمهم من الفزع كلمات: أعوذ بكلمات الله التامة، من غضبه و شر عباده و من همزات الشياطين و أن يحضرون، وكان عبد الله بن عمر يعلمهن من عقل من بنيه ومن لم يعقل كتبه فأعلق عليه. (أبو داود رقم الحديث: ٣٨٩٣، باب كيف الرقي).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ