KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Беш убак намазга кайсы сүрөөлөрдү окуусу сүннөт?

Беш убак намазга кайсы сүрөөлөрдү окуусу сүннөт?
Беш убак намазга кайсы сүрөөлөрдү окуусу сүннөт?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

Намазда Куран Каримдеги бардык сүрөлөрдү окуй берсе болот. Бирок биздин фукахалар (аалымдар) мындай деп жазышкан:

1. Бешим (Зухр) жана багымдат (Фажр) намаздарында “Тивалул муфассалдын” сүрөлөрүн окуганы жакшыраак. Тивалул муфассал – “Аль-Хужурат” сүрөсүнөн баштап “Аль-Буруж” сүрөсүнө чейин.
2. Аср жана куфтан (Иша) намаздарында болсо “Аусатуль муфассалдын” сүрөлөрүн окуганы жакшы. Аусатуль муфассаль – “Ат-Торик” сүрөсүнөн баштап “Аль-Байина” сүрөсүнө чейин.
3. Ал эми шам (Магриб) намазда “Кысарул муфассалдын” сүрөлөрүн окуганы жакшыраак. Кысарул муфассал – “Аз-Зилзала” сүрөсүнөн баштап аягына чейинки сүрөлөр.

في الدر: ويسن (في الحضر) لإمام ومنفرد ذكره الحلبي والناس عنه غافلون (طوال المفصل) من الحجرات إلى آخر البروج (في الفجر والظهر و) منها إلى آخر لم يكن (أوساطه في الغصر والعشاء و) باقيه (قصاره في المغرب) أي كل ركعة سورة مما ذكره الحلبي . (رد المحتار ١/٥٤٠ ط: سعيد).

Бирок эске алуу керек, эгерде жамаатка кыйын болсо, анда кыска сүрөлөрдү окуса деле боло берет.

في الدر: واختار في البدائع عدم التقدير، وأنه يختلف بالوقت والقوم والإمام.

وتخته في الرد: ( قوله واختار في البدائع عدم التقدير إلخ) وعمل الناس اليوم على ما اختاره في البدائع رملي. والظاهر أن المراد عدم التقدير بمقدار معين لكل أحد وفي كل وقت كما يفيده تمام العبارة، بل تارة يقتصر على أدنى ما ورد كأقصر سورة من طوال المفصل في الفجر أو أقصر سورة من قصاره عند ضيق وقت أو نحوه من الأعذار؛ "لأنه عليه الصلاة والسلام قرأ في الفجر بالمعوذتين لما سمع بكاء صبي خشير أن يشق على أمه"... والجملة فيه أنه ينبغي للإمام أن يقرأ مقدار ما يخف على القوم ولا يثقل عليهم بعد أن يكون على التمام، وهكذا في الخلاصة (رد المحتار ١/٥٤١ ط: سعيد).

الله اعلم  و

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
16:45
576

Башка фатвалар

Жума намаздын хутбасы башталганда сүннөт намаз окуса болобу?
Мээриммдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен. Валейкум ассалам ва рахматуллахи ва баракатуху!
Шарият боюнча союлган адал жаныбарлардын кайсы мүчүлөрүн жегенге болбойт?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Ханафи мазхабына ылайык шарият боюн
Футбол ойноп намазга жетишпей калып убактысы өтүп кетсе оюн арам болуп калабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Шариат боюнча футбол ойносо болот, бирок оюн се