KGRU darulifta.kg@mail.ru | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Орозо учурунда гусул кылууга уруксат берилеби?

Орозо учурунда гусул кылууга уруксат берилеби?
Орозо учурунда гусул кылууга уруксат берилеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

Орозо учурунда гусул кылууга уруксат берилет.

ومن أصبح جنبا أواحتلم في النهار لم يضره كذا في محيط السرخسي. (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٢٠٠ط:رشيديه).

Орозо учурунда гусул кылганда суу тамактан, жана мурундун жумшак жагынан нары өтүп кетпеш үчүн, ооз ачык мезгилдегидей оозду жана мурунду терең чайкабаш керек. 

والمبالغة فيهما سنة أيضا... إلا أن يكون صائما... وهي في المضمضة بالغرغرة. (الفتاوى الهندية ج:١ ص:٨ ط: رشيديه).

أيضا: والمبالغة فيهما بالغرغرة، ومجاوزة المارن لغير الصائم لاحتمال الفساد. (رد المحتار ج:١ ص: ٤٠١ ط: سعيد).

Ошондой эле, орозо учурунда көлгө, же бассейнге түшүүгө уруксат берилет, бирок бул учурда суу тамактан ары өтүп кетсе, орозосу бузулуп калаарын эске алып коюу керек. Мындай учурда, каффара важиб болбойт, бирок орозонун казасын кармап коюуга милдеттүү. Бул эгерде, орозо кармаган адам сууга орозо экендигин билип түшө турган болсо, ушундай өкүм болот. Эгерде, орозо кармаган адам сууга орозо экенин унутуп түшкөн учурда тамагына суу кирип кете турган болсо, орозосу бузулбайт.

 في الدر: (وإن أفطر خطأ) كأن تمضمض فسبقه الماء.

وفي الرد: (قوله فسبقه الماء) أي يفسد صومه إن كان ذاكرا له وإلا فلا لأنه لو شرب حينئذ لم يفسد فهذا أولى... إلخ (رد المحتار ٢/٤٠١ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
+1
16:09
1410

Башка фатвалар

Орозо учурунда мончого барууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Орозо учурунда мончого барууга урукса
Орозо учурунда коронавируска каршы вакцина алууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Коронавируска каршы вакцина булчуңдун
Орозо учурунда ПЦР-тестти тапшырууга уруксатпы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا ПЦРдин тестин тапшырууда мазок таңдай