KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Акыйдага тиешелүү ойлор келе берет, коркуп жатам ыймандан чыгып кеттимби?

Акыйдага тиешелүү ойлор келе берет, коркуп жатам ыймандан чыгып кеттимби?
Акыйдага тиешелүү ойлор келе берет, коркуп жатам ыймандан чыгып кеттимби?

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен

الجواب حامدا و مصليا

      Негизи көпчүлүк адамдарга мындай ойлор келе берет. Бул да болсо адамдын ыйман келтиргенинин белгиси.  Дал ушул сыяктуу, сахабалар Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам – салаваттары болсун) арызданышчу эле. Азирети Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) айтат: "Кээ бир сахабалар Пайгамбарыбызга (Ага Аллахтын салам-салаваттары болсун) келип: «Жүрөгүбүздөн айрым нерселерди табабыз, аны тилге алууну жаман деп эсептейбиз» – деп кайрылышты. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам – салаваттары болсун) : «Чын эле ушундай ойлор келеби?» – деп сураганда, сахабалар: «Ооба» – деп жооп беришти. Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам – салаваттары болсун) : «Бул чыныгы ыймандуулук» – деп жооп берди. 

(مشكوة:18،باب في الوسوسة)

       Дагы бир хадисте, Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) риваят кылат: Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын салам – салаваттары болсун) мындай деп айткан: "Шайтан силердин кээ бириңерге келип: «Бул нерсени жана мындай нерсени ким жараткан?» – деп сурайт, андан кийин: «Роббиңди ким жараткан?» – деп да сурайт. Качан ушуга жеткенде, ал адам Аллах Тааладан паана сурап, бул суроолорду токтотуусу керек".

  (مشكوة:19،باب في الوسوسة)

           Дагы бир хадисте мындай деп келет: «Шайтан качан ушинтип азгырып келгенде, адам:

(الله أحد الله الصمد لم يلد و لم يولد ولم يكن له كفوا احد)

         (АЛЛОХУ АХАД, АЛЛОХУС СОМАД, ЛАМ ЯЛИД ВА ЛАМ ЮУУЛАД ВА ЛАМ ЯКУЛ- ЛАХУ КУФУВАН АХАД) –  деп окуп, сол жагына үч жолу түкүрүп  жана (АЪУУЗУ БИЛЛА) ны айтып, ал жөнүндө ойлонууну токтотсун".

وعن أبی هریرة رضي الله عنه قال لا یزال الناس یتساءلون حتی یقالل هذا خلق الله الخلق فمن خلق الله فإذا قالوا ذلک فقولوا الله أحد الله الصمد لم یلد ولم یولد ولم یکن له کفواً أحد ثم لیتفل عن یسارہ ثلاثا ولیستعذ بالله من الشیطان الرجیم (مشکاة: ۱۹، باب فی الوسوسة)

         Башка бир риваятта  мунун шыпаасы тууралу мындай деп айтылган: "Ошол учурда: «Мен Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтиргенмин» – деп айтуусу керек.

     Азгырууну токтотуунун тез жана натыйжалуу жолун  аалымдар мындай деп жазышкан: "Ошондой ойлор келген учурда мажлисти алмаштыруу керек б.а отурганда же жатканда ушундай азгырык пайда болсо, тезинен ошол жерден алыстап, башка жерге барып, кандайдыр бир жумуш жана амал менен алектениш керек ошондо көңүлү башка жакка бурулат".

     Сиз дагы ушул амалдарды аткарыңыз, ин шаа Аллах жалган азгыруулар келбей калат жана жакын жерде аалымдар бар болсо, алардын кызматына катышып, алардын кеңешине кулак салыңыз.

فقط و الله أعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Умар Темирбаев
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+5
21:32
223