Турмуш курууда кечигип кеттим, ата-энем да кайдыгер, эмне кылсам болот? Кеңеш бериңиздерчи...

Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
الجواب حامدا و مصليا
Ва алейкумус-салам.
Шариятыбыз боюнча бойго жеткенден кийин, мүмкүнчүлүккө жараша тезирек турмуш курган жакшы болот. Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаватары болсун) өз насаатында бойго жеткен кызга (келинге) ылайыктуу жуучу келсе, турмушка берүү керектигин баса белгилеген.
عن علي رضي الله عنه، أن النبي صلى الله عليه و سلم قال: يا علي! ثلاث لا تؤخرها: ...و الأيم إذا وجدت لها كفؤا. رواه الترمذي
А эгерде ата-эне кайдыгер болуп жатса, анда эжеси, курбусу, тайэжелери аркылуу айтып, турмуш куруу айыптуу эмес.
Алгач, жакшы жуп үчүн Жараткандан дуба кылып сурануу керек. Китептерде парз намаздардан кийин жети жолу «Касас» сүрөсүнүн 24 аятын окуу сунушталган.
Нике бул кайып нерсе. Чыныгы сүйүү никеден кийин башталат. Ошондуктан, ылайыктуу жуучулар келсе, дуба кылып, жакындар менен кеңешип, күңүлүңүзгө туура келсе, макул болуп турмушка аттануу керек. Жашоодогу береке, ыймандын бекемделүүсү, уят-күнөө иштерден сактанууга эң чоң себеп – бул нике.
و قال النبي صلى الله عليه و سلم: "إذا خطب إليكم من ترضون دينه و خلقه فزوجوه؛ إلا تفعلوا تكن فتنة فى الأرض و فساد عريض".
Пайгамбарыбыз (Аллахтын ага салам жана салаватары болсун) айткан: «Силерге дини жана кулк-мүнөзү туура келген (жаккан) жуучулар түшсө, анда аларды үйлөндүргүлө. Андай кылбасаңар жер бетинде фитна, бузукулук күч алат». (Тирмизи)
Эң негизгиси динин, адеп-ахлагын, ата-тегин карап, бардыгы туура келсе, ниетти туура коюп турмуш куруу керек.
Бирок, эсиңизде болсун! Өзүбүз кандай болсок, биз тандаган жар да ошондой болот. Аллах Таала Куранда:
*الخبيثات للخبيثين و الخبيثون للخبيثات و الطيبات للطيبين و الطيبون للطيبات*
«Бузулган аялдар – бузулган эркектерге; бузулган эркектер – бузулган аялдарга; таза (такыба, момун) аялдар – таза эркектерге; таза эркектер – таза аялдарга ылайык...» (Нур, 26).
Аллах Таала ар-бирибизге татыктуу жар насип эткен болсун!
و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق