Уйкудан ойгонгондо тишим канап турганын көрөм, орозо бузулган болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
– Тиштин эти канаган учурда, түкүрүп салуу керек, атайылап жутуп алуу орозону бузат.
في الرد: قلت: ومن هذا يعلم حكم من قلع ضرسه في رمضان ودخل الدم جوفه في النهار ولو نائما فيجب عليه القضاء إلا أن يفرق بعدم إمكان التحرز عنه فيكون كالقيء الذي عاد بنفسه. (رد المحتار ج:٢ ص:٣٩٦ ط: سعيد).
– Эгерде, кан басымдуулук кылган шилекейди жутуп алса орозосу бузулат, бирок каффара важиб болбойт, ошол күндүн орозосун толуктап кармап берүү жетиштүү болот.
– Ал эми шилекейдеги кан аз өлчөмдө болуп жана шилекейдин түсү кызыл эмес, саргыч болсо, анда орозо шилекейдеги кандын мындай аз өлчөмүнөн бузулбайт.
الدم إذا خرج من الأسنان ودخل حلقه إن كانت الغلبة للبزاق لا يضره وإن كانت الغلبة للدم يفسد صومه. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٣ط: رشيديه).
–Эгерде, уйкудан ойгонгон соң оозунан кандын даамын сезсе, анда шилекейди жутуп албай, аны дароо түкүрүп салуу керек.
ولوأكل دما في ظاهر الرواية عليه القضاء دون الكفارة لأنه يستقذره الطبع. (الفتاوى الهندية ١/٢٠٣ ط: رشيديه).
– Эгерде, уктап жаткан учурда тиштин этинен бөлүнгөн кан ичке кирип кетсе (алкымдан ылдый) жана уйкудагы адам аны байкабай жутуп алса, орозо бузулат, бирок кан аз аккан шартта.
Бирок, кан көп агып, анын ичке агып кирүүсүнөн сактанууга мүмкүн болбой орозо кармаган адам шилекейди аргасыздан жутуп алган шартта, анда ибн Абидиндин пикири боюнча, орозо бузулбайт, кусунду ичке кайтып кирген сыяктуу. Анткени, адам бул физиологиялык реакцияны көзөмөлдөөгө жөндөмсүз.
(أوخرج الدم من بين أسنانه ودخل حلقه) يعني ولم يصل إلى جوفه أما إذا وصل فإن غلب الدم أو تساويا فسد وإلا لا، إلا إذا وجد طعمه... إلخ.
قلت: ومن هذا يعلم من قلع ضرسه في رمضان ودخل الدم جوفه في النهار ولو نائما فيجب عليه القضاء إلا أن يفرق بعدم إمكان التحرز عنه فيكون كالقيء الذي عاد بنفسه. (رد المحتار ٢/٣٩٦ط: سعيد).
وفي السراج عن الوجيز: لو كان الدم غالبا لا يفطر وهو الصحيح إلحاقا له بما بين الأسنان بجامع عدم الاحتراز عنه. (النهر الفائق ج:٢ ص:١٨ ط: دار الكتب العلمية).
فقط و الله اعلم