Жалган сүйлөө орозону бузабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
— Жалган сүйлөө, жалган күбөлүк берүү – булар чоң күнөөлөрдөн. Ал эми Рамазан учурунда күнөөсү дагы көбөйөт. Буга чоң жазалар каралган, бирок булар үчүн орозо бузулбайт.
واختلف العلماء في أن الغيبة والنميمة والكذب، هل يفطر الصائم؟ فذهب الجمهور من الأئمة إلى أنه لا يفسد بذلك، وإنما التنزه عن ذلك من تمام الصوم. ( معارف السنن ٥/٣٦٦ ط: سعيد).
— Пайгамбарыбыз (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айтты:
عن أبي هريرة رضي الله عنه قال: قال النبي صلى الله عليه وسلم: "من لم يدع قول الزور والعمل به فليس لله حاجة في أن يدع طعامه وشرابه" (صحيح البخاري كتاب الصوم، باب من لم يدع قول الزور ١/٢٥٥ ط: قديمي، رقم: ١٩٠٣ ط: البشرى).
“Ким жалган сүйлөөнү жана ошого амал кылууну таштабаса, анда анын орозо кармап жебей, ичпей ачка болуусунун Аллах Таалага эч кандай кажети жок”.
فقط و الله اعلم