KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Истинжа суу менен кылуу зарылбы?

Истинжа суу менен кылуу зарылбы?
Истинжа суу менен кылуу зарылбы же кагаз менен деле жетиштүү?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Эгерде, нажас (ыпластык) чыккан жердин тегереги булганбаса, анда суу колдонуу мустахаб, бирок даарат кагазын колдонуу жетиштүү болот. Эгерде нажас чыккан жердин тегерегине бир аз болсо да жайылып кетсе жана жайылган аянттын өлчөмү бир дирхамдан кем болсо, анда сууну колдонуу важиб, ал эми бир дирхамдан көп болбосо, анда сууну колдонуу фарз болуп эсептелет. Дирхамдын өлчөмү алакандын көлөмүнчө (5-6 см).

(ما لم يتجاوز المخرج) قيد لتسميته استنجاء ولكونه مسنونا (وإن تجاوز) المخرج (وكان) المتجاوز (قدر الدرهم) لا يسمى الستنجاء (ووجب إزالته بالماء) أو المائع لأن من باب إزالة النجاسة فلا يكفي الحجر بمسحه (وإن زاد) المتجاوز (على) قدر (الدرهم) المثقالي وهو عشرون قيراطا في المتجسدة أو على قدر المساحة في المائعة (افترض غسله) بالماء أو المائع. (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص:٤٤ ط: دار الكتب العلمية).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
0
19:38
562

Башка фатвалар

Колдонууга мүмкүн болбогон эски ислам адабиятты эмне кылуу керек?
Колдонууга мүмкүн  болбой калган эски Аллахтын аты, Куран аяттары же хадистин тексттери болгон
Телефондон Курандын сажда аятын укса сажда кылуу керекпи?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен  الجواب حامدا ومصليا Телефондо жазылган Курандын
Гусул жана жаназа намаз окулбай көмүлсо эмне кылуу керек?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا  1) Негизи, маркум жерге берил