Патолого – анатомиялык союп көрүү (вскрытия) шариаттын чечиминде
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
Адам тирүү кезинде жана өлгөндөн кийин дагы өзүнө болгон сыйлуу мамилеге укуктуу. Бул укукту ага шарият жана ошондой эле мамлекеттин закону жана конституциясы берет. Ошондуктан маркумду тиги дүйнөгө узатууда бир катар жөрөлгөлөр кылынат, анын катарында маркумдун денесине сыйлуу мамиле кылуу.
Маркумдун сөөгүн сындырууга болбойт. Айша (разияллоху анха) риваят кылат: Алланын элчиси (соллаллоху алейхи ва саллам) айтты: «маркумдун сөөгүн сындыруу, тирүү адамдын сөөгүн сындыруу менен барабар».
عن عائشة رضي الله عنها أن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "كسر عظم الميت، ككسره حيا" (رواة أبو داؤد ٣/٢٠٩ رقم الحديث: ٣٢٠٧ ط: دار الحديث القاهرة).
Биздин заманада маркумдун денеси атайын патолого – анатомиялык изилдөөнүн объектиси болушу мүмкүн, анын себеби жана максаттары ар түрдүү. Эреже боюнча ал төмөнкү учурларда кылынат:
1) Судебно – медициналык экспертиза учурунда, адамдын өлүмүнүн себебин аныктоо максатында жана ошондой эле кокустуктун натыйжасында болгон өлүмдүн себебин ачыктоо үчүн.
2) Эпидемиядан же инфекциялык оорулардан өткөн маркумдун ички органдарын изилдөө учурунда. Даарыларды, вакциналарды чыгарууга жана дарылоонун методун аныктоого жардам болуусу үчүн.
3) Окуу жайларда же атайын ушуга ыңгайлаштырылган жайларда окутуу максатында.
Биринчи эки пункт бул – көптөгөн адамдардын өмүрү жөнүндө сөз болгон учур. Жабырлануучунун денесиндеги жаракаттардын мүнөзүн же ички органдардын жабыркоосун изилдөө айыптууну табууга жардам берет. Ал эми инфекцияга кабылганды изилдөө, куткаруучу вакциналарды табып чыгууга жардам болот. Ушул максаттарда маркумдун денесин союп изилдөө зарыл болот жана мүмкүн, элдердин өмүрүн сактоо үчүн жалгыз жол.
Мындай учурга Исламдагы хадистердин бири далил боло алат:
«Маркумдун ичин союу уруксат, ал жутуп алган башка бирөөнүн мүлкүн андан алыш үчүн, эгер ошол адамдын мүлкүн (м.а. маркумдун ичиндеги мүлктүн баасына барабар) маркумдун мурасынан төлөп берүү мүмкүн болбосо, жана ошондой эле анын ордуна төлөп берүүчү эч ким жок болсо».
وفي التجنيس من علامة النوازل امرأة حامل ماتت واضطرب في بطنها شيء وكان رأيهم أنه ولد حي شق بطنها... وفي الاختيار جعل عدم شق بطنه عن محمد ثم قال وروى الجرجاني عن أصحابنا أنه يشق لأن حق الآدمي مقدم على حق الله تعالى ومقدم على حق الظالم المتعدي (فتح القدير ٢/١٠٢ ط: دار احياء التراث العربي).
Үчүнчү абал туурасында аалымдардын пикирлери бири бирине карама каршы келет. Кээ бири союп көрүүнү тыйышат, тирүү адамга да маркумга да сыйлуу мамиле кылуу парз дегенге таянып. Бирок башкалары изилдөө жана окутуу максатында анатомиялык изилдөөнү кылуу уруксат, бирок кээ бир шарттарды аткаруу менен:
1. Өлгөндөн кийин союп көрүүгө уруксат алыш керек. Аны маркумдун өзүнөн (ал муну тирүү кезинде кылса болот, мисалы: жазуу түрүндө өлүмүнөн кийин ушундай союп көрүүгө өз каалоосу менен уруксат берүүсү) же анын туугандарынан жана мураскорлорунан өз каалоолору менен уруксат беришкенин бекемдөө керек.
2. Өлгөндөн кийин союп көрүү зарыл болгон өлчөмдө гана кылыныш керек, мындайча айтканда: анатомиялык изилдөөгө канча керек болсо ошончо гана. Маркумдун денеси кызыгуучулук көңүл ачуунун нерсе катары же уятсыз маскароочулуктун буюму болуп калуусуна кескин түрдө тыю салынат.
3. Маркум аялдын денесин союп көрүүнү аял гана кылыш керек.
وبعد: صدر قرار من مجلس هيئة كبار العلماء في حكم التشريح... كما جرى استعراض البحث المقدم في ذلك من اللجنة الدائمة للبحوث العلمية والإفتاء وظهر أن الموضوع ينقسم إلى ثلاثة أقسام:
الأول: التشريح لغرض التحقق من دعوى جنائية.
الثاني: التشريح لغرض التحقق من أمراض وبائية لتتخذ على ضوئه الاحتياطات الكفيلة بالوقاية منها.
الثالث: التشريح للغرض العلمي تعلما وتعليما.
وبعد تداول الرأي والمناقشة ودراسة البحث المقدم من اللجنة المشار إليها أعلاه قرر المجلس ما يلي:
-بالنسبة للقسمين الأول والثاني: فإن المجلس يرى أن في إجازتهما تحقيقا لمصالح كثيرة في مجالات الأمن لإلخ
-وأما بالنسبة للقسم الثالث وهو التشريح للغرض التعليمي... فحيث أن في التشريح مصالح كثيرة ظهرت في التقدم العلمي في مجالات الطب المختلفة فإن المجلس يرى جواز تشريح جثة الآدمي في الجملة إلخ (فتاوى اللجنة الدائمة ٥/٢٧١).
Союп көрүүдө болгон жалпы талап бул авратынын жабык болуусун камсыздоо (мусулман тирүү кезинде башкалардан жабыш керек болгон жерин өлгөндөн кийин дагы жабылыш керек).
في الدر: (وتستر عورته الغليظة فقط على الظاهر) من الرواية (وقيل مطلقا) الغليظة والخفيفة (وصحح) صححه الزيلعي وغيره (ويغسلها تحت خرقة) السترة (بعد لف) خرقة (مثلها على يديه) لحرمة اللمس كالنظر إلخ (رد المحتار ٢/١٩٥ ط: سعيد).
Патолого – анатомиялык союп көрүүдөн кийин денеде тигилген жерлер (швы) жана аны жабып турган байламалар (повязка) калышы мүмкүн, аларды чечүү зарыл эмес. Эгер маркум мусулман болсо анда Ислам боюнча бардык жөрөлгөлөрүн аткарып, анын денесин жууп, кепинге ороп, көмүү керек.
في الدر: (والصلاة عليه) صفتها (فرض كفاية) بالإجماع فيكفر منكرها لأنه أنكر الإجماع قنية (كدفنه) وغسله وتجهيزه فإنها فرض كفاية (رد المحتار ٢/٢٠٧ ط: سعيد).
Ошондой эле өлүктүн мүчөлөрүн сатуу же башка максатта кесип алууга болбойт.