KGRU 996 (312) 486322 | darulifta.kg@mail.ru | Бишкек шаары, Гоголь көчөсү-57, 720021
Кыргызстан Мусулмандарынын
Дин Башкармалыгынын фатва, диний
адабияттар жана «халал» иштери бөлүмү

Биз жөнүндө

«darulifta.kg» — деген сайтты, Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын “Фатва, диний адабият жана халал иштери” — боюнча бөлүмү түзгөн. Ал жерде агартуучулук, тарбиялык жана билимди жогорулатуу максатындагы маалыматтар камтылган. Сайттан мусулман жана мусулман эместер Ислам туурасында суроо узатып, квалификациялуу кеңештерди алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. КМДБнын жоопкерчиликтүү адистери жеке жана маанилүү социалдык көйгөйлөргө кеңеш бергенге даяр. Бардык жооптор Ханафи мазхабынын жана Матуридия акыйдасынын негизинде, Куран Карим, хадис жана фикх илимдери менен далилденет. Колдонуучулардын кеңири катмары үчүн жеткиликтүү тилде берилет.

Сайттын максаты төмөнкү талаптарды аткаруу:
  1. Диний билимсиздикти жоюу максатында Ислам дини боюнча ишенимдүү маалыматты анын өкүмдөрүн жана баалуулуктарын жайылтуу.
  2. Шарият маселелери боюнча бардык каалочуларга сапаттуу жооп берүү.
  3. Элдерге туура багыт берип, түз жолдо жүрүшүнө жардам берүү.

Жоопкерчиликтен баш тартуу: “КМДБнын Фатва бөлүмү” — мамлекеттик мыйзамдын негизинде сот адилеттүүлүгүн аткаруучу орган эмес. Ошондой эле ал соттук чечимдерди чыгарбайт. Бул бөлүмдүн максаты, коомдогу актуалдуу маселелер жана көйгөйлөрдү туура түшүнүктө чечип, колдонуучуларга жеткизүү. Эгерде биздин жоопторду туура эмес багытта колдонушса, же сайттагы маалыматтарды өзүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланса, КМДБнын фатва бөлүмү жоопту эмес.