Орозо жөнүндө жалпы түшүнүк
Дүйнө жүзүндөгү мусулмандар рамазан айынын келишин чыдамсыздык менен күтүшөт. Рамазан айы – бул жакшы-изги иштердин жана такыбалыктын айы. Рамазан айында орозо кармоо ар бир мусулманга парз. Алла Таала өзүнүн ыйык китебинде мындай дейт:
“О, ыйман келтиргенден! Силерден мурункуларга орозо парз кылынгандай эле силерге да пар кылынды...”
Шариат чечиминде балагатка чыккан мусулманга рамазан айында орозо тутуу парз. Балагатка жеткен ар бир мусулман өзүнүн жашоосун Алла Тааланын жана анын элчисинин буйруктарына жараша түптөөсү керек.
Орозонун сырткы жана ички эки жагы бар. Сырткы жагы – бул соорлуктан тартып күн батканга чейин тамак-аш, суусундуктан тыйылуу. Ички жагы бул – орозо туткан адам өзүн оңдоо иретинде, күнөөлөрдөн арылууну үйрөнүү нийетинде кудай таала туурасында тереңирээк билүү. Ички жан дүйнөсүн көрө албастык, жек көрүү, сөгүнүү, ичи-тарлык, ачкөздүк дүнүйө жыргалына берилүү сыяктуу ката-кемчиликтерден тазалоо. Ошондой эле такыбалык, мээримдүүлүк, берешендик сыяктуу жакшы сыпаттарга өзүн тарбиялоо.
Рамазан айында Алла Таала өз мээримин өзгөчө орозо туткандарга төгөт. Хадисте айтылат. “Качан рамазан айы келгенде бейиштин эшиктери ачылып, тозоктун эшиги жабылат. Шайтандар кишенделет”. Башка хадисте, “Ким рамазан айында орозо кармаган болсо Алла Таала анын мурунку күнөөлөрүн кечирет”. Дагы бир хадисте “Алла Таала жана анын периштелери соорлук ичкендерге мээримдерин тартуулашат”. Ооз ачкан учурда орозо туткандын дубасы кабыл болот. Алланын элчиси ага Алланын саламы жана салаваттары болсун. “Чынында орозо туткандын дубасы ооз ачаар учурунда кайтарылбайт”. Башка хадисте, “Адам баласынын амаланын орозодон башкасы бардыгы өзү үчүн, орозо мен үчүн, мен анын сообун өзүм беремин. Орозо туткан адамдын оозунан чыккан жыт, Алланын алдында мисктен да жытуу”.
Орозо – бул орозо туткан адам үчүн бул дүйнөдө күнөөлөрдөн ал эми акыретте тозоктон калкан. Алланын элчиси “Орозо менен Куран пенде үчүн шапаат кылат. Орозо:О, Раббим мен аны күндүзү тамак-аштан жана көңүл кумарынан алыстаттым, ошондуктан менин ага болгон ортомчулугумду кабыл кыл-деп айтат. Куран болсо: О, Раббим, мен аны түндөсү уктатпадым, ошондуктан менин ага болгон ортомчулугумду кабыл кыл-деп айтат. Ошондо Алла Таала алардын ортомчулугун кабыл алат.
Нафил ибадаттын сообу рамазан айында парз амалдыкындай болот. Ал эми парздын сообу жетимиш эсе болот. Эгер кимде ким рамазан айында бир күн орозо кармабай өткөзүп жиберип, өмүр бою орозо кармаса да анын ордун толуктай албайт. Алланын элчиси – ага Алланын саламы жана салаваттары болсун- “Эгер кимде ким жүйөлүү себепсиз же оорусу жок эле бир күн рамазандын орозосун кармабай койсо, ал өмүр бою орозо кармаса да аны толуктай албайт”-деп айткан.
Ошондуктан урматтуу бир туугандар, эже-карындаштар ушул айда орозо тутуп, жакшы иштерди жасаганга, кайрымдуулук кылганга, күнөөлөрдөн арылганга ошондой эле башкаларды жакшылыкка үндөгөнгө аракет кылалы.
Эми сөзүбүздү орозого байланыштуу болгон зарыл маселелерден баштасак.
Суроо: Орозо деген эмне?
Жооп: Орозо араб тилинде «ас-Соум» деп аталат жана кармануу деген маанини билдирет. Ислам шариятында ибадат ниетинде таң аткандан күн батканга чейин тамак жештен, суусундук ичиштен жана жыныстык катнаш кылуудан тыйылууну түшүндүрөт.
Суроо: Рамазан айында орозо кармоо кимдер үчүн фарз болуп эсептелет?
Жооп: Орозо балагатка жеткен ар бир акыл-эстүү мусулман эркек жана аялга парз.
Суроо: Балагатка жетпеген балдарга орозо кармоо керекпи?
Жооп: Балагатка жетпеген балдарга орозо кармоо, намаз окуу жана башка ибадаттын түрлөрү фарз болуп эсептелбейт, бирок үйрөтүү ниетинде алардын орозо кармоосуна, намаз окуусуна түрткү болууга өкүм кылынган. Бир хадисте, бала жети жашка толгондо ага намаз окутуунун, ал эми он жашка толгондо намазга кайдыгерлик кылса аны жазалап коюунун керектиги айтылган. Ошондой эле, бала орозо кармоого кубаты жетсе, канча күн кармай алса, мейли ошончо күн кармай берсин.
Суроо: Бала кайсы куракта балагатка жетет?
Жооп: Эркек бала биринчи жолу түшүркөгөн убакыттан, ал эми кыз бала этек кири келген убакыттан баштап балагатка жетет. Эгерде айтылган белгилер байкалбай турган болсо, анда эркек бала да кыз бала да он беш жашка толгон күндөн баштап балагатка жеткен болуп эсептелишет. Балагатка жеткенден кийин орозо кармабай коюу күнөө болот.
Суроо: Кайсы учурларда орозо кармабай коюуга уруксат берилет?
Жооп:
1. Сапарда болуу. Жолоочуга (мусапырга) сапар учурунда орозо кармабай коюуга уруксат берилет, бирок сапар жеңил болсо, анда орозону кармоосу дурус. Эгерде, жолоочу сапарга түштө чыга турган болсо, анда ал кармаган орозосун аягына чыгарып коюу керек. Оозун ачып алууга уруксат берилбейт. Бирок, ким оозун ачып ала турган болсо, анда ага Рамазандан соң бир күн орозо кармоо милдет, ал эми каффарасын толтуруу милдет эмес.
2. Катуу оору. Эгерде, адам оорусу себептүү орозо кармай албаса, же кармаса оорусу күчөп, ал эмес өлүп калуу коркунучу болсо, мындай учурларда ага орозо кармабай коюуга уруксат берилет, бирок айыккан соң анын орозону калтырган күндөрүн толуктоосу зарыл.
3. Терең карылык. Ким өтө карыгандыгы же өнөкөт оорусу себебинен орозо кармоого дарманы жетпесе жана айыгууга да үмүтү жок болсо, анда орозо кармалбай калган ар бир күн үчүн, кедейлердин пайдасына 1,6 кг буудай же анын баасын төлөп берүүсү милдет (фидия). Фидияны бүткүл Рамазан үчүн бир кедейге же ар бир күн үчүн бөлөк кедей адамдарга берсе болот.
4. Кош бойлуулук. Эгерде, орозо кармоо курсактагы балага же кош бойлуу аялдын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган болсо, анда ошол учурда орозо кармабай коюуга уруксат берилет, бирок кийин кармалбай калган күндөрүн толуктоосу зарыл.
5. Эмчек эмизүү. Эгерде орозо кармоо эмизген аялдын же эмчектеги баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизе турган болсо, анда ошол учурда орозо кармабай коюуга уруксат берилет, бирок кийин кармалбай калган күндөрүн толуктоосу зарыл.
6. Ачкалыктан же суусагандан өлүм, же акылынан таюу коркунучу болсо.
7. Этек кири келген учурда же төрөттөн кийинки кан келүү учурунда орозо кармоого тыюу салынат.
Суроо: Орозонун кандай түрлөрү бар?
Жооп:
– Фарз (сөзсүз милдеттүү) орозо. Буга Рамазан айында кармалуучу орозо жана Рамазан айында кармалбай калган орозолорду кармоо кирет;
– Важиб орозо (милдеттүү, бирок даражасы фарздан төмөнүрөөк). Буга, назр (сөз берип койгон) орозо жана каффараны толтуруу кирет;
– Сүннөт Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун), кармаган орозолор. Мисалы, тогузунчу же он биринчи күндөрүн кошуу менен Ашура күнүндө орозо кармоо.
– Мустахаб (сооп) орозо, мисалы, Шавваль айында алты күн, ар бир айда үч күн, дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү, ар бир мусулман айынын он төртүнчү жана он бешинчи күндөрү орозо кармоо.
– Нафил (кошумча) орозо, муну кайсы күнү болбосун кармаса болот.
– Макрух (дурус эмес) орозо, мисалы, Ашура күнү (тогузунчу же он биринчи күндөрүн кошпостон) кармалган орозолор.
– Арам (тыюу салынган)орозо, кээ бир аалымдар муну макрух тахрими деп аташат, мисалга, Орозо айт күнү, Курман айт күнү, ташрик күндөрү (зул хижжа айынын он биринчи, он экинчи жана он үчүнчү күндөрү), шек күнү тутулган орозолор.
Суроо: Орозо кармоо үчүн ниет кылуу фарзбы?
Жооп: Орозо ибадат болгондуктан, орозо кармоого ниет кылуу башка ибадаттарга кылгандай эле фарз. Ниетсиз кармалган орозо жараксыз болуп эсептелет.
Суроо: Ниетти кантип туура кылуу керек?
Жооп: Ниетти мындайча сөздөр менен кылса болот: Эгерде адам кечинде ниет кыла турган болсо анда: “Мен эртең Рамазан айынын фарз орозосун кармоого ниет кылдым“, ал эми эртең менен ниет кыла турган болсо анда, “эртең” деген сөздүн ордуна “бүгүн” дейт.
Ниетти ою менен кылса деле болот, бирок тили менен дагы айтканы жакшы. Жана ошондой эле орозо кармоого жүрөгүндө деле чечим чыгарып койсо болот.
وأما عندنا فلا بد من النية لأن الواجب الإمساك بجهة العبادة ولا عبادة بدون نية فلو أمسك بدونها لا يكون صائماو يلزمه القضاء دون الكفارة. (رد المحتار ۲/٤٠۳ ط: سعيد)
وشرط صحة الأداء النية......والنية معرفته بقلبه أن يصوم كذا في الخلاصة. (رد المحتار ۲/۳۸٠ ط: سعيد)
والسنة أن يتلفظ بها كذا في النهر الفائق. (رد المحتار ۲/۳۸٠ ط: سعيد)
Суроо: Ниет кайсы убакка чейин кылынат?
Жооп: Рамазан айындагы парз орозосу, кайсы бир убакытка белгиленген назр, сүннөт, мустахаб жана нафил орозолору үчүн ниет күн баткандан “дахват аль-кубра” убактысы келгенге чейин кылынат. “Дахват аль- кубранын” убактысы мындайча белгиленет: багымдат менен шам намаздарынын ортосундагы убакыт аныкталат жана ал экиге бөлүнөт. Алынган айырма багымдат намазынын убактысына кошулат, чыккан жыйынтык “дахват аль кубранын” убактысы болуп эсептелет. Мисалы, таң саат 4 тө атса, ал эми күн саат 18 де батса, ортосундагы айырма 14 саатты түзөт жана күндүн ортосу саат 11 де болот. Ошондуктан, ниетти саат 11 ге чейин кылуу керек. Бирок, ниетти түн ичи эле кылып койгон жакшы.
Рамазандагы калтырылган күндөр, мындайча айтканда каза орозолор, орозонун каффарасы жана назр орозолор үчүн күнүн аныктабастан ниетти сөзсүз түндөсү, таң атканга (субух садыкка) чейин кылып коюу керек.
Эскертүү: Күн чыгаардан эки саат мурда күн чыгыштагы горизонттон агыш жарык пайда болот. Ал казык сыяктуу тик өйдө көтөрүлөт да бир аздан соң ал жарык өчүп калат. . Мына ушул убакыт “субх аль-казиб” (жалган таң) деп аталат. Андан бир канча убакыт өткөн соң экинчи агыш жарык пайда болот да өйдөгө көтөрүлбөстөн оң жана сол тарапка жайылып, горизонтту жарыкка толтурат. Ушул мезгил “сабх ас-садик” (чыныгы таң) деп аталат. Бул убакыт багымдат намазынын кирүү жана саарлыктын бүтүү убактысы болуп эсептелет.
Суроо: Ниетти ар бир күн үчүн өз- өзүнчө кылуу керекпи?
Жооп: Ооба,ниетти орозонун ар бир күнү үчүн өзүнчө кылуу керек. Рамазан башталганда бүткүл Рамазан айы үчүн бир эле ниет кылып коюу жетишсиз. Бирок саарлык кылуу ниеттин ордуна жүрөт.
ثم عندنا لا بد من النية لكل يوم في رمضان كذا في فتاوى قاضيخان. (رد المحتار ۲/۳۸٠ ط: سعيد)
Суроо: Саарлык деген эмне?
Жооп: Саарлык – бул Рамазан айында таң атаардын (субх ас-садыктын) алдында тамактануу. Саарлыктын убактысы түндүн бүтүүсү, таң атаардын алды. Ушул таң атаардын алдындагы тамактануу сүннөт болуп эсептелет жана ал үчүн чоң сооптор бар жана ошондой эле Рамазандагы көптөгөг жакшылыктардын себептеринен болуп эсептелет. Эгерде ачкалык сезими болбосо да, бир эки чайнам тамак жеп коюу керек.
Суроо: Ниетти тил менен айтуу керекпи?
Жооп: Тил менен айтуу сөзсүз милдет эмес, ниетти оюнда айтып койсо деле болот, анткени ниет бул жүрөктөгү чечим. Орозо үчүн тил менен айтуу жакшыраак болсо да, жүрөктөн ниет кылып коюу жетиштүү болуп эсептелет. Бирок, тил менен айтпай калса эч нерсе болбойт. Көптөрү ниетти араб тилинде саарлыктан кийин, багымдар намазынын алдында кылуу керек, болбосо орозо кабыл болбойт деп эсептешет. Бирок бул туура эмес түшүнүк. Жогоруда айтып кеткендей, ниетти кечинде кылуу жакшыраак. Жана ошондой эле ниетти сөзсүз араб тилинде кылуу милдет эмес.
Суроо: Макрух деген эмне? Орозо учурунда кайсы амалдар макрух болуп эсептелет?
Жооп: “Макрух” деген сөз “карахат” деген сөздөн келип чыккан, араб тилиндеги лексикалык мааниси жактырылбаган, жагымсыз, уяткарылган, жакшы эмес дегенди билдирет. Фикх терминологиясында “макрух” сөзү шариятта жактырылбаган, жагымсыз же уяткарылган амалдарды билдирет, бирок бул амалдар таптакыр тыюу салынган арам амалдарга кирбейт.
Макрух эки түргө макрух ат-тахрими жана макрух ат-танзихи болуп бөлүнөт. Макрух ат- тахрими бул арамга жакын, шариатта тыюу салынган амал, бирок, анын тыюу салынуусу арамга караганда өтө чечкиндүү далилдерге негизделген эмес, тыюу салынуу даражасы жагынан арамдан кийин турат. Ал эми, амал жагын алып көрсөк, ал арам сыяктуу эле тыюу салынган, болсо дагы келтирилген далилдердин негизи жагынан айырмаланышат. Эгерде арамдын далили эч кандай шылтоосуз жана альтернативасыз чечкиндүү тыюу салынган амал болсо, ал эми макрух ат-тахриминин тыюу салынуу даражасы арамдыкынан төмөнүрөөк.
Суроо: Орозодо кайсы амалдар макрух болуп эсептелет?
Жооп:
– Тишти тиш пастасы менен жуу.
– Сагыз чайноо же ооздо бир нерсе кармап туруу.
– Тамакты даамдоо. Аялдарга даярдалып жаткан тамактын даамын даамдоого уруксат берилет, эгерде күйөөсүнүн мүнөзү чатак, тамакка өтө кыйкымчыл болсо. Бирок бул учурда тамакты жутпоо керек, болбосо оозу ачылат.
– Ушактоо,жалган сүйлөө, урушуу, сөгүнүү ж.у.с.
– Туталануу,сабырсыздык кылуу.
– Эч кандай олуттуу себепсиз гусулду таң атканга чейин кечиктирүү.
– Шилекейди атайын жутпай ооздо топтоп анан жутуу.
– тамакты жана мурунду чайкаганда ашыгыраак сууну пайдалануу, анткени суунун тамакка кирип кетүү кооптуулугу бар.
– Истинжа учурунда буттарды алыс таштап олтуруу.
– Орозо убагында күч-кубат топтоо максатында азыктандыруучу уколдорду алуу, мисалга, глюкоза, кубаттандыруучу, витаминдүү ж.у.с.
Суроо: Кайсы амалдар макрух болуп эсептелбейт?
Жооп:
– Мисвак колдонуу, эгерде ал нымдуу жана даамдуу болсо дагы.
– Денени сергитүү максатында муздак сууга жуунуу.
– Сурма колдонуу.
– Жыпарларды, гүлдөрдү пайдалануу, аларды жыттоо.
– Эч олуттуу себепсиз денени май же крем же ушул сыяктуулар менен майлоо.
– Тырмак алуу.
– Унутуп бир нерсе жеп же ичип алуу.
– Кокусунан чымынды жутуп алуу.
– Түтүн жутуу. атайын эмес.
Суроо: Кайсы амалдар орозону бузат жана казасы гана важиб болот?
Жооп:
– Тиш этинен чыккан канды жутуп алуу, эгерде ал шилекейде басымдуулук кылса жана анын өнү кызыл түскө боёлсо.
– Тамакты, мурунду чайкап жатып орозо экенин билип туруп байкабай суу жутуп алса.
– Тамеки чегүү.
– Атайылап бууну жана түтүндү жыттоо.
– Атайылап таш, данек, топурак, мындайча айтканда денеге эч кандай пайдасыз нерселерди жутуу.
– Атайылап ооз толтура кусууну козгоо.
– Билбестиктен саарлыкта субх садыктан кийин тамак жешти улантуу.
– Кулакка дары же май тамызуу.
– Кускандан кийин аз да болсо кусундудан жутуп алуу.
– Эгерде кимдир бирөө күчкө салып бир нерсе жедирсе же ичирсе;
– Тиштин арасында калган буурчактын данындай тамактын калдыгын жутуу.
– Ооздон тамактын кичинекей үзүмүн ооздон чыгарып, кайра жутуп алуу, эгерде ал буурчактын данынан кичине болсо да.
Суроо: Кайсы амалдар орозону бузат жана анын казасы да жана каффарасы да важиб болот?
Жооп:
– Атайылап тамак азыктарынан же дары же даамын билүү үчүн бир нерсе жеп же ичип алуу.
– Атайылап аялы менен жыныстык катнаш кылуу.
– Убактысы келе электе, анын келгендигине күмөнү болуп туруп ооз ачып алуу.
– Канын алдыргандан же сурма сүйкөнгөндөн кийин орозом бузулду деп ойлоп, атайын жеп, ичүү.
Суроо: Орозо бузулгандан кийин жеп ичүүгө болобу?
Жооп: Жок, болбойт. Күн батканча жеп ичүүдөн кармануу керек. Адамдардын арасында жеп ичүү макрух эсептелет, анткени бул ыйык Рамазан айын урматтабай коюуга жатат.
Суроо: Аял кишиге адамдардын арасында жеп ичүүгө болобу, эгер ал айыз абалында болсо?
Жооп: Аял кишиге адамдардын арасында жеп ичүүгө уруксат берилет, бирок дурус эмес
Суроо: Ингаляторду же аэрозолду колдонуу орозону бузабы?
Жооп: Медициналык ингаляторлорду колдонуу орозону бузат, анткени анын буулары менен атайын дем алынып жатат, мындай кылуу орозону бузат. Бул абал аэрозолго да тиешелүү.
ومفاده أنه لودخل حلقه الدخان أفطر أي دخان كان ولوعودا أوعنبرا لوذاكرا لإمكان التحرز عنه. (رد المحتار ۲/۳٩٥ ط: سعيد).
Суроо: Эгерде кош бойлуу аялдан кан келе баштаса, орозосу бузулабы?
Жооп: Аялдын кош бойлуу кезинде келген каны айызга жатпайт, ал оору болуп эсептелет, ошондуктан орозону бузбайт жана орозосун бузбастан кармай берүү керек.
Суроо: Эгерде бир адам орозо учурунда орозо бир эки күн эртерээк башталган мамлекетке көчүп кетсе, анда анын орозосу бир эки күнгө кыскарган болуп жатат, эми ал орозо айт майрамын көпчүлүк менен майрамдай береби, жеп орозосун улантабы?
Жооп: Ал адам көпчүлүк менен орозо айтты тосот, андан соң жетпеген күндөрүн толуктап орозо кармайт.
Суроо: Качан каффара важиб болот?
Жооп: Эгерде адам атайылап тамак жеп же ичип же аялына кошулуп ыйык Рамазан айынын орозосун буза турган болсо, мындайча айтканда орозого ниет кылып кармап, андан соң аны бузуп алганда каффара важиб болот.
Суроо: Эгерде фарз орозону атайылап бир нече күн бузса, анда бир каффара төлөмү жетиштүүбү же орозонун ар бир каза болгон күнүнө өзүнчө каффара төлөө керекпи?
Жооп: Бул учурда бир каффара төлөө жетиштүү.
Суроо: Эгерде мусапыр орозону кармоону баштап, андан соң сапарга чыкса, анда ал орозосун буза алабы жеп жокпу?
Жооп: Ал ошол сапарга чыккан күндүн орозосун аягына чыгара кармайт. Ошол күнкү орозону эч кандай олуттуу себеби жок бузууга уруксат берилбейт.
Суроо: Күндүз, орозо учурунда бассейнге, же көлгө түшүүгө уруксат берилеби?
Жооп: Орозо учурунда сууга түшүүгө, ал эле эмес чөмүлүүгө да уруксат берилет, бирок суу тамагы же мурун аркылуу ичине кирип кетпөө керек, болбосо орозо бузулат.
Суроо: Эгерде кулакка суу кирип кетсе орозо бузулабы?
Жооп: Кулакка суунун кирүүсү орозону бузбайт.
Суроо: Садака фитрди качан берүү керек?
Жооп:
– Садака фитрди берүүнүн эң жакшы убактысы. багымдат намазынын убагынан баштап орозо айт намазына чейин. Бирок, садака фитрди Рамазан айы киргенден баштап эле төлөп койсо болот.
– Эгерде фитр садаканы орозо айт намазына чейин төлөй албаса, анда намаздан кийин деле сөзсүз төлөп коюу керек. Фитр садаканы төлөбөй созуу макрух болуп эсептелет.