KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Орозо эмне үчүн фарз (милдеттүү) болгон?

Орозо эмне үчүн фарз (милдеттүү) болгон?
Орозо эмне үчүн фарз (милдеттүү) болгон?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

— Эс-акылдуу кишиге Аллах Тааланын орозону адамды жазалоо, ага оорчулук келтирип, ачкалыкка мажбурлоо үчүн орозо кармоону фарз кылбагандыгы түшүнүктүү. Аллахка мунун эч кандай пайдасы жок, бирок, шек-күмөнсүз орозо кармоо адамдын өзүнө пайдалуу.  Аллах Таала пендесине орозо кармоону анын такыба болуусу (Өзүнөн коркуусу) үчүн өкүм кылды.

— Качан адам ачка боло баштаса, ал Аллах Тааланын ага берген ырыскысынын кадыр-баркын биле баштайт.

— Акыл-эс күчү нафси азгырыктарын жеңүүгө тийиш. Бирок, кээде акыл-эстин бул жашоонун азгырыктарына жана нафсинин убактылуу рахаттануусуна жол бошотуп берген учурлары да кездешет. Адамдын айбандык жан кумарына, утурумдук жыргал, рахаттарга  берилүүсү аны бузулууга, коомдун аморалдуулугуна алып барат. Нафси азгырыктарынан кутулуп, өзүбүздү такыбалык амалдар, жакшы адеп-ахлактар менен кооздоо үчүн бизге орозо кармоо өкүм кылынган. Орозонун шарапаты менен жамандыкка азгырылуу басаңдайт.

— Орозо кармоо адамда  такыбалыкты пайда кылат.

"يا أيها الذين آمنوا كتب عليكم الصيام كما كتب على الذين من قبلكم لعلكم تتقون" (البقرة الآية: ١٨٣).

Котормосу: “Эй, ыйман келтиргендер! Силерге орозо фарз кылынды, силерден мурдагыларга фарз кылынган сыяктуу. Мүмкүн, силер Аллахтан коркуучу болоорсуңар”.

— Орозо кармоо менен адам Аллахтын Улуулугун, Мээримин жана өзүнүн алсыздыгын, жардамга муктаждыгын сезе баштайт.

– Адам акырет жөнүндө көп ойлонуп, өлүмдөн кийинки жашоосуна тынчсыздана баштайт.

— Адамдын ачка болуудан айбандык инстинкттери басаңдап жана анда жан кумарынан таза болгон бийик маклуктардын (периштелердин) сыпаттары ойгоно баштайт. 

— Тартуулаган жакшылыктары үчүн анын Аллахка болгон ыраазылык сезими күчөйт.

— Бөлөк адамдарга болгон боорукерлик жана күйүмдүүлүк пайда болот. Ачкалык эмне экендигин өз башынан өткөргөн адамдан артык ким ачкалардын жана колунда жоктордун абалын түшүнө алат? Адам ачкалыкты, чаңкоону, алсыздыкты жокчулукту өз башынан өткөрмөйүнчө Аллах Таалага татыктуу ыраазылык, шүгүр келтире албайт. Адам өзүнүн эң жакшы көргөн нерсесинен ажыроо менен гана анын канчалык кымбат экендигин сезет. Ал эми даамдуу тамактан жана муздак суудан да өткөн нерсе барбы? Ачкалык жана чаңкоо Аллах Таалага болгон ыраазылык абалын табууга жардам берет.

— Орозо  бул адамдын руханий азыгы. Ал түбөлүк жашоонун азыгы болуп берет.

— Орозо  бул Аллах Таалага болгон сүйүүнүн белгиси. Качан адам бирөөнү сүйүп кала турган болсо, ал тамакты да жана бул дүйнөдөгү бардык нерсени да унутат. Анын  тамакка болгон табити жоголот. Бул жерде да ушундай: адам Аллах Таалага болгон сүйүүсү үчүн тамакты да суусундукту да калтырат. Ошондуктан, орозону Аллах Тааладан башка нерсе  үчүн кармоого уруксат берилбейт.

ويفهمون أن المقصود من الصوم التخلق بخلق من أخلاق الله عز وجل وهو الصمدية، والاقتداء بالملائكة في الكف عن الشهوات بحسب الإمكان فإنهم منزهون عن الشهوات... إلخ (إحياء علوم الدين ص: ٢٧٩ ط: دار ابن حزم).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
20:53
889

Башка фатвалар

Фарз намаздын үчүнчү жана төртүнчү рекетте таспих эле айтып койсо болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Фарз намаздын үчүнчү жана төртүнчү рекетте тасби
Орозо учурунда курсак жакка инъекция кылса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде, курсакка укол кылынса м
Бала эмизем орозо кармасам болобу? Балам кошумча тамак жейт бирок.
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا –