KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Саждага кандай баруу керек?

Саждага кандай баруу керек?
Ассаламу алейкум!
Саждага барганда биринчи оң тизе, анан сол тизе, кийин оң кол, анан сол колду, андан соң мурун менен маңдайды тийгизүү. Тартип ушундайбы?
Ирээтин айтып берсеңиздер.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Валейкум ассалам!

Ооба, тартип ушундай, саждага барганда биринчи оң тизе, анан сол тизе, оң кол анан сол кол, кийин мурун анан пешенени жерге коюш керек. Турганда биринчи пешенесин кийин мурун, кийин колдорду анан кийин тизелерди көтөрүү керек. Бирок бул сөзсүз зарыл амал эмес. Эгерде, адамга мындай кылуу кыйын болсо, анда оң кол жана сол колду, ошондой эле оң бутту жана сол бутту чогуу бирдей койсо боло берет.

قالوا: إذا أراد السجود يضع اولا ما كان أقرب إلى الأرض فيضع ركبتيه أولا ثم يديه ثم أنفه ثم جبهته وإذا أراد الرفع يرفع أولا جبهته ثم أنفه ثم يديه ثم ركبتيه، قالوا: هذا إذا كان حافيا أما إذا كان متخففا فلا يمكنه وضع الركبتين أولا فيضع اليدين قبل الركبتين ويقدم اليمنى على اليسرى. (الفتاوى الهندية ١/٧٥ ط: سعيد).

في الرد: (قوله واضعا ركبتيه ثم يديه) قدمنا الخلاف في أنه سنة أو فرض أو واجب وأن الأخير أعدل الأقوال وهو اختيار الكمال ويضع اليمنى منهما أولا ثم اليسرى كما في القهستاني لكن الذي في الخزائن واضعا ركبتيه ثم يديه إلا أن يعسر عليه لأجل خف أو غيره فيبدأ باليدين ويقدم اليمنى. ومثله في البدائع والتاترخانية والمعراج والبحر وغيرها، ومقتضاه أن تقديم اليمنى إنما هو عند العذر الداعي إلى وضع اليدين أولا، وإنه لا تيامن في وضع الركبتين... إلخ (رد المحتار ۲/٤٩٧-٤٩۸ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+3
15:47
1002

Башка фатвалар

Саждага баратып шымды көтөрсө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Намазда саждага баратып шымды к