Курмандыкты кимдер кылууга милдеттүү?
![Курмандыкты кимдер кылууга милдеттүү? Курмандыкты кимдер кылууга милдеттүү?](/upload/000/u2/d/b/kurmandykty-kimder-kyluuga-mildett-photo-big.jpg)
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Эгерде, кимдир бирөө бай, колунда бар болуп, нисабга ээ болсо, шариятка ылайык ал курмандык чалууга милдеттүү (важиб). Буга далил катары Ибн Маажа риваят кылган хадисти келтирсек болот. Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваттары болсун) айткан:
عن أبي هريرة رضي الله عنهأن رسول الله صلى الله عليه وسلم قال: "من كان له سعة ولم يضح فلا يقربن مصلانا". (سنن ابن ماجه أبواب الأضاحي ١/٢٦ ط: قديمي).
«Кимдин материалдык мүмкүнчүлүгү болсо жана ал курмандык кылбаса, ал биздин мечитке жакындабасын”.
Көптөгөн факихтердин пикири боюнча, нисабга ээ адамдын материалдык мүмкүнчүлүгү бар болуп эсептелет, анткени ал зарыл муктаждыктарынан тышкары ашык материалдык мүлккө ээ. Ошондуктан, ар бир нисабга ээ адам курмандык чалууга милдеттүү.
ولم تجب إلا بملك النصاب فدل أن وجوبها بالقدرة الميسرة؛ لأن اشتراط النصاب لا ينافي وجوبها بالممكنة كما في صدقة الفطر. (البحر الرائق ٢/١٧٤ ط: سعيد).
Эскертүү: Нисаб – бул жашоого зарыл каражаттардан тышкары акчалай эквивалент менен да жана кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк аркылуу да чагылдырылар турган тиешелүү мүлктүн өлчөмү. Нисабдын өлчөмү шариятта – күмүш менен 200 дирхамды жана алтын менен 20 мыскалды түзөт. Бүгүнкү чен бирдиги боюнча 200 дирхам 612, 35 грамм күмүш, ал эми 20 мыскал 87, 498 грамм алтынды түзөт. Ошондуктан, эгерде кимдир бирөөнүн 612, 35 грамм күмүшү же 87, 498 грамм алтыны болсо, же нисабдардын бирине барабар эквиваленттеги хажат аслияга (күнүмдүк турмушта колдонуучу нерселер) кирбеген акчалай суммасы болсо, ал адамга садака фитр төлөө милдеттүү (важиб) болот.
هي واجبة على الحر المسلم المالك لمقدار النصاب فاضلا عن حوائجه الأصلية... ولا يعتبر فيه وصف النماء (الفتاوى الهندية ١/١٩١ ط: رشيديه).
(اوزان شرعيه مفتي شفيع أحمد).
فقط و الله اعلم