KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?

Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Малдын тиши таптакыр жок, же көбүрөөгү жок болсо, мындай малды курмандык  чалууга уруксат берилбейт.  Ал эми тишинин көбүрөөгү болсо, анда мындай малга уруксат берилет.

Эгерде, мал карылыгы жетип, тиши түшүп калган болсо, бирок жем, чөптү жей бере турган болсо, анда имам Абу Ханифанын пикирине ылайык, ал малды курмандык чалууга уруксат берилет.

وأما الهتماء وهي التي لا أسنان لها فإن كانت ترعى وتعتلف جازت وإلا فلا... وقال أبو يوسف لا تجزي سواء اعتلفت أو لم تعتلف وفي قول إن ذهب أكثر أسنانها لا تجزي. (بدائع الصنائع ٥/٧٥ ط: دار الكتب العلمية).

في الدر: (ولا بالهتماء) التي لا أسنان لها ويكفي بقاء الأكثر وقيل ما تعتلف. (رد المحتار ٦/٣٢٤ ط: سعيد).

Эгерде, майда мал бир жашка толсо, бодо мал (уй, бука) эки жашка, ал эми төө беш жашка толгон болсо, анда аларды курмандык чалууга уруксат берилет. Бул учурда алардын тишинин бары жогуна этибар берилбейт.

في الهندية: (وأما سنه) فلا يجوز شيء مما ذكرنا من الإبل والبقر والغنم عن الأضحية إلا الثني من كل جنس إلا الجذع من الضأن خاصة إذا كان عظيما، وأما معاني هذه الأسماء فقد ذكر القدوري أن الفقهاء قالوا: الجذع من الغنم ابن ستة أشهر والثني ابن سنة والجذع من البقر ابن سنة والثني ابن سنتين والجذع من الإبل ابن أرع سنين والثني ابن خمس، وتقدير هذه الأسنان بما قلنا يمنع النقصان ولا يمنع الزيادة... إلخ (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٧ ط: رشيديه).

– Эгерде малдын тиши мүлкүнө кирип кеткен болсо, бирок чөп жегенге жараса, анда ал малды курмандык чалууга уруксат берилет, ал эми эгерде, чөп жей албай калса, анда уруксат берилбейт.

وأما الهتماء وهي التي لا أسنان لها فإن كانت ترعى وتعتلف جازت وإلا لا. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٨ ط: رشيديه).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
0
16:29
1269

Башка фатвалар

Тукумсуз малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Тукумсуз ургаачы малды бычылган эркек
Сокур болгон малды курмандыкка чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, курмандык малынын эки
Аксак малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, малдын бир буту оорук