Өлүк төрөлгөн наристени акыркы сапарга узатуу зыйнаты
— Эгерде наристе өлүк төрөлгөн болсо, жашап кетүүгө эч кандай белгилери билинбесе, анда мындай учурда сүннөткө ылайык жууп, ат коюп, таза кездемеге ороп, көмүү керек. Бирок жаназа окулбайт.
— Эгерде наристе төрөт учурунда, же төрөлөөрү менен, башкача айтканда жашап кетүүгө белгилери болуп, анан чарчап калса, анда кадимкидей маркумду көмгөндөй кылып: ат коюп, сүннөткө ылайык гусул кылып жууп, кепинге ороп, жаназа окуп, анан көмүү керек.
— Эгерде наристе эненин боюнан түшүп калса жана түйүлдүк өтө кичине болсо, анда жууп-тазалап, таза кездемеге ороп, анан көмүү керек. Түйүлдүк көмүлгөн жердин топурагын тегиздеп коюу дурус болот. Мындай учурда сүннөттү сактоонун жана ат коюунун кереги жок.
— Эгерде түйүлдүк толук бойдон жетилип калган болсо, анда акыркы сапарга узатууну сүннөт боюнча толук аткаруу керек. Бирок жаназа окулбайт.
(ومن ولد فمات يغسل ويصلى عليه) ويرث ويورث ويسمى (ان استهل)..... (والا) يستهل (غسل وسمي) عند الثاني وهو الاصح
قوله (والا يستهل غسل وسمي) شمل ما تم خلقه ولا خلاف في غسله وما لم يتم وفيه خلاف والمختار انه يغسل ويلف في خرقة ولا يصلى عليه (2/227 باب صلاة الجنازة ط: سعيد)
(وان لم يستهل غسل) وان لم يتم خلقه (في المختار) لانه نفس من وجه (وادرج في خرقة) و سمي (ودفن ولم يصل عليه) (الدر مع الرد 2/228 باب صلاة الجنازة ط: سعيد).
وان لم يستهل) مثله ما اذا استهل فمات قبل خروج اكثر. قوله وان لم يتم خلقه) فيغسل وان لم يواع فيه السنة وبهذا يجمع بين من اثبت غسله وبين من نفاه فمن اثبته اراد الغسل في الجملة ومن نفاه اراد الغسل المراعي فيه وجه السنة. (مراقي الفلاح مع حاشية الطحطاوي : ص: 598 كتاب الصلاة باب احكام الجنائز فصل: السلكان احق بصلاته ط: قديمي)