KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Акыр заман белгилери

Акыр заман белгилери
Ассаламу Алейкум ва рохматуллохи ва барокятух. Устаз акыр заман белгилерин айтып беринизчи.

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Ва алейкум ассалам ва  рахматуллахи ва баракатуху! Акыр заман белгилерин Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) көптөгөн осуяттарында баса белгилеп айтып кеткен, алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1)     Пайгамбарыбыз Мухаммад (соллаллоху алейхи ва саллам) акыркы пайгамбар болуп жиберилгени, бул да Акыр заман жакын экендигинен кабар берет
2)   Илим адамдардын жүрөктөрүнөн көтөрүлүп кетип, илимсиздик, наадандык көбөйөт.
3)   Зинакорлук күч алат
4)   Арак-шарап көп ичиле баштайт
5)   Ата-энеге тоң моюндук күчөп, эркектерди аялдары башкарып калат
6)   Эркектер азайып, аялдар көбөйүп кетет
7)   Аманатка кыянат кылуу оңой эле болуп калат
8)   Татыктуу эмес, иш билбеген адамдарга жогорку кызматтар берилип калат
9)   Убакыттын берекеси кетип, абдан тез өтө баштайт. Бир жыл бир айга тете болуп калат, бир ай бир жумага, бир жума бир күнгө барабар тездик менен өтө баштайт
10) Жер титирөө, өлмү-житим, ар кандай согуштар көбөйөт
11)  Ефрат дарыясынан алтын кен табылат. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алейхи ва саллам) ким ошол учурга дуушар болуп калса, ал кенден албоону баса белгилеген
12) Жер астынан жаныбар чыгып, адамдар менен сүйлөшөт
13)  «Мен Кудаймын»-деп жалганчы Дажжал чыгат
14) Иса пайгамбар (алейхис-салам) Пайгамбарыбызга (соллаллоху алейхи ва саллам) үммөт болуп келет
15)  Күн батыштан чыгат

Мына ушулар Акыр заман жакындап калганда боло турган көрүнүштөр. Булардын айрымдары болуп өткөн болсо, көпчүлүгү учурда болуп жатат. Алдыда боло турган чоң белгилери аз эле калды. Ошол үчүн, бардыгыбыз кам көрүп, акыретке даярдык көрөлү. Арабча билгендер төмөнкү хадистерди окуса болот:

عن أنس قالسمعت رسول الله صلى الله عليه وسلم يقول: «إن من أشراط الساعة أن يرفع العلم ويكثر الجهل ويكثر الزنا ويكثر شرب الخمر ويقل الرجال وتكثر النساء حتى يكون لخمسين امرأة القيم الواحد» . وفي رواية: «يقل العلم ويظهر الجهل» . متفق عليه
وعن أبي هريرة قالبينما كان النبي صلى الله عليه وسلم يحدث إذ جاء أعرابي فقال: متى الساعة؟ قال: «إذا ضيعت الأمانة فانتظر الساعة» . قالكيف إضاعتها؟ قال: «إذا وسد الأمر إلى غير أهله فانتظر الساعة» . رواه البخاري
وعن أبي هريرة قالقال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «يوشك الفرات أن يحسر عن كنز من ذهب فمن حضر فلا يأخذ منه شيئا» . متفق عليه
قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: «لا تقوم الساعة حتى يتقارب الزمان فتكون السنة كالشهر والشهر كالجمعة وتكون الجمعة كاليوم ويكون اليوم كالساعة وتكون الساعة كالضرمة بالنار» . رواه الترمذي

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

 

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Татиков Рафаил
Жакты
+4
18:30
2123