KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Маргаринди колдонгонго уруксатпы?

Маргаринди колдонгонго уруксатпы?
Ассаламу алейкум! Маргаринди колдонсо болобу? Кээ бир адамдар анын курамында жаныбарлардын майы бар дешет. Ушул суроомду кененирээк түшүндүрүп берсеңиз?

Ва алейкум ассалам  ва рахматуллохи ва баракатуху.

Мээримдүү Боорукер Алланын аты менен

Биз сиздин  арамдан алыс болуп адал тамак-ашты колдонууга болгон аракетиңизди баалайбыз.

Маргарин туурасында айта турган болсок.  Аны өндүрүүдө рафинатталган тазаланган күнкарама, пальма жана башкалардан алынган өсүмдүк майын колдонушат. Бирок азыркы учурда маргариндин курамына жасалма тамак-аш кошулмалары кошулат. Аны бир эле өсүмдүктөрдөн албастан жаныбар майларын да кошушат. Бул кошулманын саны Е471. Эгер бул кошулманы өсүмдүк майларынан алышса анда ал – адал, эгер чочкодон алса анда ал – арам.

Ошондуктан бардык маргариндин түрүн адал же арам деп бир тараптуу айтууга болбойт. Сатып алуучулар, колдонуучулар конкреттүү бир продуктун курамына жараша чечим кабыл алуусу керек. Тактап айтканда ал кошулманын келип чыгышы  өсүмдүк же жаныбардын ингридиентиненби деп көңүл бөлүүсү зарыл. Себеби талапка жараша өндүрүүчүлөр бардыгын жазышат. Бүгүнкү күнү “Халал” маркировкасы бар азыктарды алууга кеңеш берилет. Себеби, бул тармакта иштеген көптөгөн фирмалар бар. Эгерде Е471ди кайсыл нерседен алынганын белгисиз болсо, анда шектүү тамак-аштардан сактанган абзел.

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+6
22:59
1006

Башка фатвалар

Орозо учурунда ПЦР-тестти тапшырууга уруксатпы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا ПЦРдин тестин тапшырууда мазок таңдай