KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эгерде кимдир бирөө Куран окуп жатса, аны угуу керекпи?

Эгерде кимдир бирөө Куран окуп жатса, аны угуу керекпи?
Эгерде, кимдир бирөө намазда же намаздан тышкары Куран окуп жатса, же телефондо жазылган Куран окулуп жатса, аны жанында тургандар угуу керекпи? Анткени, Алла Таала Куранда мындай дейт:
"واذا قرئ القرآن فاستمعوا له و أنصتوا لعلكم ترحمون"
«Качан Куран окулганда, о ыйман келтиргендер, анда келтирилген насааттарды жана ибарат-үлгүлөрдү түшүнүү жана аларга ой жүгүртүү үчүн аны көңүл коюп, унчукпай уккула!”
Бул аятта Алла Таала Куран окулуп жатканда, аны угууга буйрук кылып жатат. Жанында тургандар кандай кылуулары керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

 “Куранды уккула” деген өкүм жөнүндө намаз окуп жаткандарга жана жума намазынын же айт намаздарынын хутбасын же кокусунан бирөөлөрдүн окуганын угуп калгандарга тиешелүү бир топ хадистер бар. Куран аны урматтап сыйлап, адебин сактап, жашоонун бардык тармактарында аны жетекчиликке алган  момун-мусулмандарга мээрим болуп эсептелет. Куранга карата сактай турган эрежелердин бири, ал окулуп жатканда   унчукпай, көңүл коюп угуу керек. Көңүл коюп угуу деген - бул өзүнүн жашоосуна аны жетекчиликке  алып, анда жазылган өкүмдөрдү  аткаруу дегенди билдирет. Эгер ушундай кылганда Куран момундарга бейпилчилик алып келүүчү рахмат болот.

Намазда же хутбада Куран окулуп жатканда аны угуу фарз болуп эсептелет жана бул маселеде аалымдардын ортосунда эч талаш жок. Ал эми Куран намаздан же хутбадан тышкары окулуп жатканда жанында тургандар унчукпай көңүл коюп угуу керекпи же өздөрүнүн иштери менен алектене берүүгө уруксат берилеби? Бул суроодо аалымдардын пикири ар түрдүү болду. Кээ бирөөлөрү мындай абалда Куранды угуу фарз болот, ал эми аны укпай коюу – бул күнөө дешет. Ошондуктан, адамдар өздөрүнүн (күндөлүк) иштери менен алектенип жаткан жерде  Куранды үн чыгарып окубаш керек, эгерде үн чыгарып окуса Куран окуган адам күнөө кылган болуп эсептелет.

Кээ бир аалымдар болсо Куранды угуу үчүн окулуп жаткан жерде, мисалга намазда, хутбада ж.у.ч. жерлерде Куранды унчукпай угуу фарз болуп эсептелет. Ал эми эгерде Куранды бир же бир топ адам ар бири өз-өзүнчө өзү үчүн гана окуп жатышкан болсо, анда алард угуу милдеттүү эмес. Көптөгөн анык хадистерде  Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) түндөсү өз үйүндө Куран окуган, ал эми жубайлары болсо, бул учурда уйкуда болушкан. Имам Бухари жана имам Муслимдин анык хадистер топтомунда , Алланын Элчиси (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) сапарда түндөсү кошууну менен бир жерге эс алып, эртең менен айткан: “Мен Куран окугандардын үндөрүнөн ал-Ашари уруусундагы жолдошторумдун  кайсы жерге жайгашканын билдим, күндүзу алардын кайсы жерде экендигин билген эмес элем”. Бул окуядан биз Алланын Элчисинин (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) Куранды үн чыгарып окуудан тыйбагандыгын жана бөлөктөрдү иштерин таштап  аны угууга милдеттендирбегендигин билебиз.

Бул хадистердин мазмунунан аалымдар,  Куран намаздын тышында окулуп жатканда, аны уккан адам олтуруп жана угууга милдеттүү эмес жана өз иштери менен алектене берүүгө уруксат деген корутундуга келишкен. Бирок, жакшысы албетте, ушундай абалда да ишин таштап жана Касиеттүү Куранды кунт коюп угууга аракет кылыш керек. Ал эми  адамдар өздөрүнүн иштери менен алек болуп жаткан жерде Куран окугусу келсе, ичинен окуу керек

فقط والله تعالٰی اعلم و علمه أتم

Жооп берди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]
Текшерди:
Исмайилов Жигитали [фатва бөлүмүнүн адиси]
Которду:
Жаркынбаев Качкын
Жакты
+5
18:48
1957

Башка фатвалар

Эгерде намазда эки жолу «Фатиха» сүрөсүн кайталап окуп алса, анда намазды кайта баштан окуу керекпи?
Эгерде кимдир бирөө фарз намаздын биринчи же экинчи рекетинде «Фатиха» сүрөсүн эки жолу
Эгерде, намаздын ичинде бир ката кетсе, буга сажда саху кылыш керекпи же кылбаш керекпи билбесе, кан
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, намаздын ичинде бир ката кетс
Эгер кимдир бирөө санаа окууну таштап койсо ага сажда саху кылуу керекби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгер намаздын биринчи рекетинде «САНАА&ra