Жандык сойгондо башын бүтүндөй алынып калса, кандай болуп калат?
Жандык сойгондо, дубаны айтып, анан бычак курч болгондугуна байланыштуу дароо эле башы бүтүндөй алынып калса, кандай болуп калат? Мисалы, тоокту айталы. Жүлүндү кескенге чейин, кан тамырды жана кекиртекти кесип, кандын жана жандын чыгышын бираз күттү керек делинет эмеспи.
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Өзү шарияттын талабы боюнча малды сойгондо “Бисмиллахи Аллоху Акбар” –деп кекиртегин, кызыл өңгөчүн жана күрөө тамырларын кесип, кан чыкканга чейин күтүп туруу керек. Эгерде муздаганда жүлүнгө чейин муздаса же башын кесип салса анда макрух болот. Бирок жесе болот.
" قال ومن بلغ بالسكين النخاع أو قطع الرأس كره له ذلك وتؤكل ذبيحته" (الهداية ۳/۳٩٧ ط: بيروت).
فقط ووالله اعلم
Жооп берди:
Бактияр Токтогазы уулу [фатва бөлүмүнүн халал иштери боюнча адис]
Текшерди:
Татиков Рафаил [фатва бөлүмүнүн башчысы]