Телефондон Курандын сажда аятын укса сажда кылуу керекпи?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен
الجواب حامدا ومصليا
Телефондо жазылган Курандын сажда аятын укса, сажда кылуу важиб болбойт. Себеби сажда важиб болуш үчүн тилават сахих (дурус) болуу керек. Тиляват качан сахих болот качан балагатка жеткен, акылы дурус адам Куранды окуган учурда. Ал эми телефондогу сажда аяты жазылган Куран бул бирөөнүн мурун Куранды окуган үнүнүн сакталышы. Ошон үчүн жазылган Куран окулса бул тилават болуп эсептелбейт. А тилават болуп эсептелбесе, анда сажда да важиб болбойт. Бул жазылган Куран телефондо болобу же телевизордо же радиодо болобу айырмасы жок.
Албетте, эгерде телевизордо же радиодо, же телефондо түз эфирде бир каары Курандын сажда аятын окуса, анда уккан адамга этияттык кылып сажда кылып кою керек.
بخلاف السماع من الببغاء والصدى فإن ذلك ليس بتلاوة وكذا إذا سمع من المجنون لأن ذلك ليس بتلاوة صحيحة لعدم أهليته لانعدام التمييز. (بدائع الصنائع ١/١۸٦ ط: سعيد).
ولا تجب بسماعها من الصدى وهو ما يجيبك مثل صوتك في الجبال والصحارى ونحوها، الأولى قول بعضهم الصوت الذي يسمعه المصوت عقب صياحه راجعا إليه من جبل أو بناء مرتفع فإنه لا إجابة في الصدى إنما هو محاكاة. (حاشية الطحطاوي على مراقي الفلاح ص: ٤۸٦ باب سجود التلازة ط: قديمي).
Сажда аятын кыла турган жолу мындай: Колду көтөрбөй «Аллоху Акбар» — деп айтат. Андан кийин сажда кылат. Сажда да эң аз үч жолу «Субхана робияль аъля» — деп айтуу керек. Андан кийин кайра «Аллоху Акбар» айтып саждадан турат. Бул саждада ташаххуд жана салам жок. Туруп сажда кылган жакшыраак, ал эми эгерде отурган абалда сажда кылып койсо дагы боло берет.
"فإذا أراد السجود كبر ولا يرفع يديه وسجد ثم كبر ورفع رأسه ولا تشهد عليه ولا سلام، كذا في الهداية، ويقول في سجوده: سبحان ربي الأعلى ثلاثًا ولاينقص عن الثلاث كما في المكتوبة، كذا في الخلاصة، وهو الصحيح، هكذا في فتاوى قاضي خان". (الفتاوى الهندية ١/١۳٥ ط: رشيديه).
والله أعلم بالصواب وبالله التوفيق