Имам менен муктадийлердин ортосундагы саптын аралыгы канча болуусу керек?
Суроом төмөнкүчө: Биздин сузак районунда бир жаамиъ мечит бар, анын капталында 8 – 10 метр аралыгында эски кичинекей хужра бар, ал жер жылуу. Чоң мечит толгондон кийин адамдар суука байланыштуу жанагы хужрага кирип алышат, ал эми ортодо саптын аралыгы 8 – 10 метр үзүлүп калат. Кичинекей хужрада Имамдын үнү калонка аркылуу угулуп турат. Сурайын деген маселем, ушул хужрадагы адамдардын Иктида кылуусу (имамга) уйуусу дурусбу же жокпу? Эгер дурус болбосо мен тааныштарыма жеткирип койоюн. Аллахым Илимиңиздерди зияада кыла берсин.
Ва алайкумус салаам ва рахматуллохи ва баракаатуху
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Негизи жамаат менен намаз окуганда иктиданын (уюгандын) дурус болуусу үчүн Имам менен муктадийнин (имамга уюучунун) жери, оруну бир болуусу шарт (б.а. аралыгы үзүлбөөсү керек). М.а мечит, мечиттин короосу жана мечиттин сырты талаа жери, барында иктида кылганда жердин аралыгы үзүлбөй бир болсун. Ошондуктан мечитте, мичиттин короосунда жана мечиттин сыртында эгер Имам менен муктадийнин же муктадийлердин ортосундагы аралык эки сап же андан бир аз көп аралык ажырап калган болсо иктида кылуусун (имамга уюуусун) тоспойт. Тескерисинчче намаз дурус болот, бирок ортодогу аралыкты таштагандыгы үчүн макрух тахримий болуп эсептелет.
Бирок, эгер Имам менен муктадийнин ортосунда - жалпы өтүүчү жол бар болсо (м.а. унаа ж.б өтө турган кенен жол бар болсо) же кичинекей кайык өтө турган кенен канал болсо, же шаръий хавз (10/10) (бассейини) болсо, анда бул нерселер (кенен жол, кенен канал, шаръий бассейин) имам менен муктадийди байланыштырбайт.
Мына ушул себебтүү, силер сураган маселеде 8 – 10 метр аралык болгонго байланышуу ортодогу аралыкты толтурбай хужрада имамга уюп намаз окууңар дурус эмес.
"(ويمنع من الاقتداء) صف من النساء بلا حائل قدر ذراع أو ارتفاعهن قدر قامة الرجل، مفتاح السعادة أو (طريق تجري فيه عجلة) آلة يجرها الثور (أو نهر تجري فيه السفن) ولو زورقًا ولو في المسجد (أو خلاء) أي فضاء (في الصحراء) أو في مسجد كبير جدًّا كمسجد القدس (يسع صفين) فأكثر إلا إذا اتصلت الصفوف فيصح مطلقًا. (قوله: تجري فيه عجلة) أي تمر، وبه عبر في بعض النسخ. والعجلة بفتحتين. وفي الدرر: هو الذي تجري فيه العجلة والأوقار اھ وهو جمع وقر بالقاف. قال في المغرب: وأكثر استعماله في حمل البغل أو الحمار كالوسق في حمل البعير (قوله: أو نهر تجري فيه السفن) أي يمكن ذلك، ومثله يقال في قوله: تمر فيه عجلة ط. وأما البركة أو الحوض، فإن كان بحال لو وقعت النجاسة في جانب تنجس الجانب الآخر، لايمنع وإلا منع، كذا ذكره الصفار إسماعيل عن المحيط. وحاصله: أن الحوض الكبير المذكور في كتاب الطهارة يمنع أي ما لم تتصل الصفوف حوله كما يأتي (قوله ولو (زورقًا)) بتقديم الزاي: السفينة الصغيرة، كما في القاموس. وفي الملتقط: إذا كان كأضيق الطريق يمنع، وإن بحيث لايكون طريق مثله لايمنع سواء كان فيه ماء أو لا ... (قوله: ولو في المسجد) صرح به في الدرر والخانية وغيرهما (قوله: أو خلاء) بالمد: المكان الذي لا شيء به قاموس". (١/٥٨٤، ٥٨٥، باب الإمامة، کتاب الصلاة، ط: سعید).
فَقَطْ وَاللهُ تَعَالٰی أَعْلَمُ وَ عِلْمُهُ أَتَمُّ