KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Эгерде муктади такбир тахриманы имам айтып бүткөнгө чейин айтып койсо, намаз дурус болобу?

Эгерде муктади  такбир тахриманы имам айтып бүткөнгө чейин айтып койсо, намаз дурус болобу?
Эгерде муктади “Аллоху Акбар” такбир тахриманы имам айтып бүткөнгө чейин айтып койсо, намаз дурус болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

Эгерде муктади “Аллоху Акбар” такбир тахриманы имам айтып бүткөнгө чейин айтып баштаса, анда анын намазы дурус болбойт. Ошондой эле, эгерде муктади имам менен кошо “Аллах” сөзүн айтты, бирок “Акбар” сөзүн имам айта электе айтып койсо да намазы дурус болбойт, себеби имам “Аллоху Акбар” такбир тахримасын толук айтып бүткөнгө чейин анын намазы башталбайт. Ал эми имамдын намазы башта элек болсо, анда муктадинин намазы да башталбайт. Кыскасы, такбирди имам айтып баштагандан кийин айтуу керек жана имамдан кийин бүтүрүү керек, болбосо намаз дурус болбойт.

فإن قال المقتدي "الله أكبر" ووقع قوله "ألله" مع الإمام وقوله "أكبر" قبل قول الإمام ذلك قال الفقيه أبو جعفر الأصح أنه لا يكون شارعا عندهم (الفتاوى الهندية ١/٦۸ط: سعيد).

ولو افتتح بالله قبل إمامه لم يصر شارعا في صلاته لأنه صار شارعا في صلاة نفسه قبل شروع الإمام (البحر الرائق ١/۲٩١ ط: سعيد).

الله اعلم  و

Жооп берди:
Татиков Рафаил
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+1
01:04
832

Башка фатвалар

Муктади имам саламды айтып бүткөнгө чейин саламды бүтүрүп койсо, намаз дурус болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде саламды айтып жатканда и
Эгерде  такбир тахримасын Акбар сөзүн “ба” тамгасынан кийин “алифти” созсо, намаз бузулабы?
  Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде “Аллоху А
Эгерде “Аллоху Акбар” такбир тахримасынын Акбар сөзүнүн “алифин”   созсо, намаз бузулабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Эгерде “Аллоху Акбар&rdqu