KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Орозону жүйөөлүү себепсиз бузуу кандай болот?

Орозону жүйөөлүү себепсиз бузуу кандай болот?
Орозону жүйөөлүү себепсиз бузуу кандай болот?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

 الجواب حامدا ومصليا

– Эгерде, адам Рамазан айындагы фарз кылынган орозосун жүйөөлүү себепсиз буза турган болсо, ал калтырган күндөрүн толуктоого жана ошондой эле каффараны аткарууга милдеттүү. Каффараны аткаруу – бул бир да күндү калтырбай алтымыш күн үзгүлтүксүз орозо кармап берүү. Эгерде, арасынан жүйөөлүү себеп менен болсо да,  жок дегенде бир күндү каза кыла турган болсо, алтымыш күндү кайра башынан баштап кармап берет. Бирок, айызы келген аялдарга бул шарт таркалбайт.

إذا فعل الصائم شيئا منها طائعا متعمدا غير مضطر لزمه القضا والكفارة وهي الجماع في أحد السبيلين على الفاعل والمفعول به والأكل والشرب سواء ما يتغذى به أو يتداوى به. (مراقي الفلاح ص:٢٤١ ط: سعيد).

Эгерде, Рамазандын орозосунан тышкары, кайсы бир башка орозону буза турган болсо, анда ошол күндү толуктап кармап берүүгө милдеттүү, ал эми каффарасы важиб болбойт.

ولا كفارة بإفساد صوم غير رمضان كذا في الكنز. (الفتاوى الهندية ١/٢١٥ ط: رشيديه).

Орозону атайылап же жаңылып буза турган болсо, анда күндүн калган бөлүгүн оозу бек сыяктуу, мындайча айтканда, эч нерсе жебей ичпей жана аялына жакындык кылбай өткөруу керек. Рамазан айында жеп, ичүүгө оорулуу, же сапарда болгондугу себебинен орозо кармабагандарга жана ошондой эле айызы башталган же төрөт каны келген аялдарга  уруксат берилет.

 في الدر: (والأخيران يمسكان بقية يومهما وجوبا على الأصح) لأن الفطر قبيح وترك القبيح شرعا واجب.

وتحته في الرد: (قوله على الأصح) وقيل يستحب فتح، وأجمعوا على أنه لا يجب على الحائض والنفساء والمريض والمسافر وعلى لزومه لمن أفطر خطأ أو عمدا أو يوم الشك ثم تبين أنه من رمضان قاضيخان شرنبلالية. (رد المحتار ٢/٤٠٧ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали, Эратов Равшан
Жакты
0
16:15
1049

Башка фатвалар

Орозонун казасын кантип кармайбыз?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Рамазандын ар бир каза болгон күнгө бир күн оро
Шилекейди жутуу орозону бузбайбы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Шилекейди жутуу орозону бузбайт
Геморрой түйүндөрүнүн чыгып кетүүсү орозону бузабы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا — Эгерде, дефекация (заң ч