Орозо учурунда сагыз чайнаса болобу?
Орозо учурунда сагыз чайнаса болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Орозо учурунда сагыз чайноо, же оозуна бир нерсе салып алуу дурус эмес (макрух), анткени шилекейи оозунда чайнаган, же салып алган нерсенин даамы менен аралашып, алкымынан өтүп, ичине кирип кетсе, орозосу бузулат. Кандай болгондо да, орозо учурунда бир нерсе чайноого уруксат берилбейт (макрух).
(وكره) له (ذوق شيئ و) كذا (مضغه بلا عذر)... (و) كره (مضغ علك) أبيض ممضوغ ملتئم... إلخ (رد المحتار ٢/٤١٦ ط: سعيد).
فقط و الله اعلم
Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали