Кош бойлуу аял орозо кармайбы?
Кош бойлуу аял орозо кармайбы?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим
الجواب حامدا ومصليا
Боюнда бар аял, эгерде ага орозо кармоо оор болсо же ал өзүнүн же, боюндагы баланын ден соолугунан чоочулай турган болсо, ага орозо кармабай коюуга уруксат берилет. Ал эми Рамазандан соң, мүмкүнчүлүгү болгондо ал орозо кармабай калган күндөрдү толуктап коюуга тийиш.
(لمسافر... أوحامل أومرضع) أما كانت أوظئرا على الظاهر (خافت بغلبة الظن على نفسها أو ولدها)... (الفطر). (رد المحتار ٢/٤٢٢ ط: سعيد).
فقط و الله اعلم
Жооп берди:
Татиков Абдурахман (Рафаил)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали