Мөөнөтүн узартып төлөө менен соода-сатык кылуу маселеси (мындан ары рассрочка)
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен
Жараткан Аллахка мактоолорду, сүйүктүү Пайгамбарыбызга (Аллахтын ага салам жана салаватары болсун) салам-салаваттарды айтабыз.
Рассрочкага соода-сатык кылуу маселеси учурда бардык эле өлкөлөрдө кездешип жатат. Нак акча менен керектүү нерселерин сатып алууга мүмкүнчүлүгү болбогон адамдар, ушундай кылууга аргасыз болгондон, бул соода-сатыктын түрү келип чыккан. Ошондуктан, мындай сооданын шариаттагы өкүмү тууралу жазып чыгууну туура көрдүк. Аллах Таала маселени туура түшүнүп, жалпы журтка туура жеткизүүнү насип эткен болсун!
Рассрочкага соода-сатык кылуу – бул насыя соода-сатык болот. Бирок, сатуучу товарды нак берет. Ал эми сатып алуучу, ал насыя акчаны экөө макулдашкан убакыттын ичинде, сатып алуучу бөлүп төлөп берет.
Сооданын бул түрүндө насыя бааны нак сатыла турган баадан кымбатыраак кылып сатса болот. Бирок, соода-сатык кылуучулар мөөнөтүн белгилеп, баасын келишип, келишим болуп жаткан жерде макулдашуулары керек.
أما الأئمة الأربعة و جمهور الفقهاء و المحدثين، فقد أجازوا البيع المؤجل بأكثر من سعر النقد، بشرط أن يبتَّ العاقدان بأنه بيع مؤجل بأجل معلوم، و بثمن متفق عليه عند العقد (بحوث في قضايا فقهية معاصرة ١/١٢)
Ошондой эле сунуш катары, ар кайсыл мөөнөткө, ар түрдүү бааны: «Каалаган мөөнөттү тандаңыз» - деп сунуш кылса болот. Бирок, соода-сатык адал болуш үчүн, экөө бир мөөнөткө, бир баага макулдашуулары керек. А эгерде бир баа, бир мөөнөткө токтолбостон, сатып алуучу: «Кайсынысына мүмкүнчүлүгүм жетсе, ошону төлөйм» - деп кетип калса, анда келишим туура эмес болуп калат. Мындай соода-сатык дурус эмес.
فلو قال البائع مثلا: إن أديت بالثمن بعد شهر، فالبضاعة بعشرة، و إن أديته بعد شهرين، فهو بإثني عشر، و افترقا على ذلك بدون تعيين أحد هذه الشقوق، زعما من المشتري أنه سوف يختار منها ما يلائمه في المستقبل، فإن هذا البيع حرام بلإجماع (بحوث في قضايا فقهية معاصرة ١/١٤)
Рассрочкага сатып алып жаткан адам кепил (гарантия) катары, сатып алуучуга өз мүлкүндөгү нерсени күрөөгө койсо болот. Ал нерсени (кепилди) сатуучу да талап кылганга уруксат берилет. Кокустан, сатып алуучу карызын төлөй албай калса, ошол күрөөгө коюлган нерсени сатып, өз акчасын өндүрүп алса болот. Эгерде бир аз акча ашып калса, аны ээсине кайтарып бериш керек. Ошондой эле күрөөгө коюлган нерсени саттучу пайдалана албайт. Бир гана карызын өндүрүп алыш үчүн, өз колунда кармап турат.
يجوز للبائع أن يطالبه بتوثيق لهذا الدين، أو بضمان للتسديد عند حلول الأجل. أما ضمان التسديد، فيمكن بطريق الرهن... (بحوث في قضايا فقهية معاصرة ١/١٥)
Кээ бирлер сатып алуучу карызынын канча бир бөлүгүн эртелетип бериши үчүн, карызынын кээ бирин кечирип жиберишет. Мисалы: Асан Үсөнгө айдын аягында миң сом бериш керек болчу. Үсөн айтат: «Мага 900 сомду азыр бер, калган 100 сомду керичем» - деп. Эми бул маселе боюнча аалымдардын көпчүлүгү бул нерсенин туура эмес экендигине макул болушкан. Себеби, убакыт кошуп бергендиги үчүн, карыздын үстүнө акча кошуп берүү риба (сүткорлук) болгондой эле, белгиленген мөөнөттөн эрте төлөш үчүн карыздан түшүрүү да ушул сымал болуп калат.
و رجح جمهور الفقهاء جانب الحرمة؛ لأن زيادة الدين في مقابلة التأجيل ربا صراح، فكذلك الحط من الدين بإزاء التعجيل في معناه (بحوث في قضايا فقهية معاصرة ١/٢٦)