Исламда саламдын этикасы
– Исламда учурашуу Алланын Элчиси (соллоллооху алайхи васаллам) үммөтүнө жана башка пайгамбарлар өздөрүнүн коомдоруна үйрөткөн белгилүү сөздөр аркылуу жүргүзүлөт. Учурашуунун тарыхы Адам Атага (алейхис салам) барып такалат. Алла Таала Адам Атаны жаратып жана ага: “Баргын да обочодо олтурушкан периштелерге учурашкын жана алардын учурашкан жоопторун көңүл коюп уккун, анткени бул сенин урпактарыңа калуучу учурашуунун үлгүсү болот” – деди. Андан соң Адам (алейхис салам) периштелердин жанына барды да алар менен “Ассаламу алайкум” ( السلام عليكم) деген сөздөр менен учурашты. Периштелер ага “Ва алайкумус салам” (وعليكم السلام). деп жооп кайтарышты. “Ас-Салам” арабчадан которгондо “тынчтык”, “бейпилчилик”, “аман-эсендик” деген маанилерди билдирет. Ошондой эле “Ас-Салам” “Тынчтыкты жана аман-эсендикти Тартуулоочу” жана “Эч бир кемчиликсиз” деген маанилерди билдирүүчү Алла Тааланын чырайлуу ысымдарынын бири болуп эсептелет. Бул сөздөр кеңири маанилерди камтып, төмөндөгүлөрдү билдирет:
1. Алланын зикири, бул сөздү айтуу менен Алланын кулу өзүнүн Роббисин эстейт;
2. Бул сөз мусулман бир тууганына Алланы, Өзүнүн кулдарына тартуулаган Анын мээримин жана жакшылыгын эстететүү;
3. Бул мусулман бир тууганына болгон дуба: саламдашуу менен биз: “Мен силерге Алла Тааланын жакшылыгын жана аман эсендигин жана жамандыктардан коргоосун каалайм” деп айтып жаткандайбыз;
4. Бул учурашып жаткан тараптан: “Мен силерге тынчтык жана аман-эсенчилик каалайм жана силерге эч кандай жамандык, кыйналууңарды каалабайм, мындайча айтканда силер мен тараптан жамандык көрбөйсүңөр” деген убаданы билдирет. Биринчи учурашкан адам: “Ас-саламу алайкум” ( السلام عليكم) дейт, ал эми алик алган тарап болсо: “Ва алайкумус-салам” (وعليكم السلام) деп жооп берет. Ошону менен бирге эки мусулман бир тууган учурашуу менен бири бирине зыян жана жамандык жеткирбейбиз деп убада кылып жаткан сыяктуу болушат.
– “Ас-саламу алайкум” сөзү менен биринчи учурашуу сүннөт жана ага “Ва алайкумус-салам” деп жооп берүү важиб болуп эсептелет, анткени бул мусулман бир туугандын укугу. Хадисте саламга жооп берүү мусулмандын милдети, деп айтылат.
Эми саламдын этикасы жөнүндө
– Биринчи болуп салам айткан адам көбүрөөк сооп алат, ал эми экинчисинин алган сообу андан азыраак болот.
– Саламды тааныган да жана тааныбаган да адамдардын бардыгына айтуу керек.
– Мечитке киргенде анын ичинде олтургандардын бардыгына салам айтылат, бирок тартиби мындай: эгерде сиз мечитке кирсеңиз бардыгы намаз же Куран окуп, ибадат менен алектенип жатса, анда салам айтуунун кажети жок. Ал эми эгерде эч ким ибадат менен алектенбеген болсо, анда салам айтуу керек. Ал эми кээ бири ибадатта, кээ бири бош болсо, андай мындай учурда ыктыярга каралат, салам берсе да, бербесе да болот.
– Эгерде кимдир бирөө жамаатка келип бир адамга гана, мисалга “Ас-саламу алайкум Абдулло” деп учурашса, анда анын саламына Абдулло гана жооп бериш керек, калгандарына жооп бериш милдет эмес.
– Кичуусу улуусуна салам берет.
– Кетип бара жаткан адам, олтурган адамга салам берет.
– Эгерде ким бейтааныш мусулман адамдардын жанынан өтүп бара жатса, анда анын салам айтуусу сүннөт жана анын сооп табуусуна себеп болот.
– Ээн үйгө, же ээн мечитке киргенде “Ас-Саламу алайна ва ъалаа ъибадиллаахис-соолихиин» (السلام علينا وعلى عباد الله الصالحين) деп айтуу керек.
– Саламды гусул жана дааратсыз айтса да болот.
– Азан, жума жана айт намаздарына хутба айтылып жаткан учурда салам айтылбайт.
– Куран окулуп жана сабак өтүлүп жаткан учурда да салам айтылбайт.
–Эгерде кимдир бирөө бир нерсе айтып жатса да салам берилбейт.
– Эгерде кимдир бирөө сөз сүйлөө үчүн чыга турган болсо, көпчүлүккө “Ас-саламу алайкум” деп учурашуунун кажети жок.
– Жана ошондой эле тамак жеп же даарат ушатып жаткан адамга да салам берилбейт жана ошондой эле тамак жеп же даарат ушатып жаткан адамга бирөө салам айтып калса, ага жооп кайтарыш милдет эмес.
– Эгерде адамдар хутба угуп же өздөрүнчө талкуу жүргүзүп жатышкан болсо, анда келген кишиге аларды алагды кылып учурашуунун кереги жок.
– Эгеред кимдир бирөө үчүнчү жактын атынан салам бере турган болсо анда: “Ва алайхим ва алайкумас-салам ( وعليهم وعليكم السلام), же болбосо: “Ва алайкумус-салам” ( وعليكم السلام), деп жооп берсе да болот.
– Эгерде жамааттын ичинен бирөө салам берсе, анда калгандарына салам бериштин кереги жок, ошондой эле жамааттан бирөө саламына жооп кайтарса калгандарына жооп кайтаруунун кереги жок.
– Эгерде кимдир бирөө “Ас-Саламу алайкум” деп учурашса, алик алган адам үнүн чыгаруу менен жооп кайтаруу керек, башын ийкеп же колун булгалап койгон болбойт.
– Саламына алик алганда “ва рохматуллоохи” (ورحمة الله) деп кошуп коюу керек, эгерде “ва барокатуху” деген сөздү кошуп койсо андан да жакшы болот.
– Эгерде кимдир бирөөгө кат келсе жана катта салам айтылса, анда саламына жазуу түрүндө болсун, оозеки болсун, жооп кайтаруу керек. Жазуу түрүндө жооп кайтарганда “Ва алайкумус-салам” деп коюу керек, же “Ас-Саламу алайкум”, десе да болот. Бул нерсе телефондогу билдирүүлөргө жана мобилдик тиркемелерге да тиешелүү.
– Саламдашууга сүннөттөн тышкаркы сөздөрдү кошууга болбойт.
– Эгерде кимдир бирөө бир нерсе менен алектенип жатса, аны саламдашуу менен алагды кылбай, анын жанына олтуруп, эгерде ал ага көңүлүн бура турган болсо, ошондой гана саламдашат. Кимдир бирөөнү олуттуу ишинен алагды кылуу оңтойсуздуктун кээде зыяндын себеби да болот.
– Бири бирине жүгүнүп учурашуу шариятта туура эмес деп эсептелет.
– Эгерде бирөө бир адамга салам айтып коюуну убада кылса, аны жеткирүү ага важиб (милдет) болуп калат, эгерде убада кылбаса, анда милдет эмес.
– Кичүүсү улуусуна учурашат жана анын учурашуусунан сый-урмат сезилип туруу керек, саламдын сөздөрү экөөнө тең бирдей болсо да. Бирок, улуусу көрсөтүлгөн сый-урматка көтөрүлүп, өзүн кыйын сезип кетпөөсү керек.
– Уулу атасына кичипейилдик менен салам айтуусу керек жана айтылган саламдан кимиси баласы, кимиси атасы экени сезилип турсун.
– Айтылган салам адамда жагымдуу сезим калтыруусу керек. Кээде ушундай бир учур болот, жагымдуу, көңүл буруу менен айтылган салам, учурашып жаткан тараптын бир туугандык сезимин козгоп, эки адамды өмүр бою достоштуруп коюсу мүмкүн.
Исламда кол алышуу
– Учурашып жаткан учурда кол алышуу сүннөт болуп эсептелет. Учурашуу үчүн өзгөчө убакыт талап кылынбайт, колу алышуу жолугушуп жаткан учурда болот.
– Эки кол менен учурашуу керек. Жөндүү себепсиз бир кол менен учурашуу сүннөттө жок, анткени текеберликтин белгиси болуп эсептелет.
– Эгерде бирөөнүн колу бош эмес болуп, кол алышып учурашуу ага ыңгайсыз болсо, анда оозу менен эле учурашып кою жетиштүү.
– Эгерде кимдир бирөө шашып баратса, анда аны менен кол алышпай эле салам айтып, учурашып кою керек.
– Кол алышуу жолугушуунун башында же аягында болот.
– Бош колдор менен учурашуу керек.
– Эгерде кимдир бирөө чогулушка келсе, бардыгын орундарынан тургузуп кол алышпоо керек, анткени бул адамдарга ыңгайсыздык жаратат.