KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Исламда каш боесо, каш терсе болобу?

Исламда каш боесо, каш терсе болобу?
Исламда каш боесо, каш терсе болобу?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

1.      Каш боегонго Ислам дининде эч кандай тыюу салуу айтылган эмес. Бирок, каш боегон учурда да шарияттын чегинен чыкпаш керек. Тактап айтканда аны терип салып анан боесо, же башка бузуку аялдарга окшоп калса, же чоочун эркектерге жагынуу үчүн кылса, анда бул да – арам болуп калат.

أما ما عداه من استخدام آخر للصبغ فى مكان آخر غير الرأس و اللحية و بلون غير الأسود، فلعله أن يكون باقيا على الإباحة الأصلية...(أحكام تجميل النساء ١٧٩)

2.    Ал эми каш терүү маселеси болсо; эгерде каш абдан коюу өсүп, биригип калган болсо, же өтө узарып кетип көздү жаап калса, же кашы өтө узарып кандайдыр бир айып эсептелип калса, анда шарияттын чегинен чыкпастан, өзүнүн табигий көрүнүшүнө алып келсе болот. А бирок, жөн эле мода катары, же сулуураак болуу үчүн тергенге уруксат жок. Каш тердиргенге да, терүүчүгө да Пайгамбарыбыз (соллалоху алейхи ва саллам) каргыш айткан.

Ошондой эле учурда көп кездешип жаткан кашты күйгүзүп салып, кайра аны чийип алууга (татуаж бровей) да болбойт. Бул да шариятыбыз боюнча тыюу салынган нерсе.

و في التاتارخانية عن المضمرات: ولا بأس بأخذ الحاجبين و شعر وجهه ما لم يشبه المخنث، و مثله فى المجتبى (فتاوى الشامى)

عن عبد الله قال: لعن الله الواشمات و الموتشمات المتنمصات و المتفلجات للحسن المغيرات خلق الله فبلغ ذلك امرأة من بني أسد يقال لها أم يعقوب فجائت فقالت: إنه بلغني عنك أنك لعنت كيت وكيت، فقال: وما لي لا ألعن من لعن رسول الله صلى الله عليه و سلم و من هو في كتاب الله فقالت: لقد قرأت ما بين اللوحين فما وجدت فيه ما تقول فقال: لإن كنت قرأتيه لقد وجدتيه أما قرأت: "و ما آتاكم الرسول فخذوه، و ما نهاكم عنه فانتهوا" (صحيح البخاري كتاب التفسير)

عن آبن عباس قال: لعنت الواصلة و المستوصلة و النامصة و المتنمصة و الواشمة و المستوشمة من غير داء. قال أبو داود: و تفسير الواصلة – اللتي تصل الشعر بشعر النساء، و النامسة – اللتي تنقش الحاجب حتى ترقه والمتنمصة المعمول بها. (أبو داود)

الإسلام دين الوسطية و الإعتدال في كل شيء و من ذلك الإعتدال في الملبس و الترجل و التنعم و التطيب فلا يكون الإنشان مباغلا أو مفرطا. و إنما يلزم الوسط في جميع أموره و أحواله. و قد حرم الإسلام تغيير خلق الله ف لعن الواصلة و المستوسلة و النامصت و المتنمصة و الواشمة و المستوشمة. (شرح سنن أبو داود) (فتوى دار العلوم زكرية 7/319)

و الله أعلم بالصواب و بالله التوفيق

Жооп берди:
Зарылбеков Бектен (фатва бөлүмүнүн адиси)
Текшерди:
Исмайилов Жигитали (фатва бөлүмүнүн адиси), Татиков Рафаил (фатва бөлүмүнүн башчысы)
Жакты
+1
17:20
2787

Башка фатвалар

Алланы элестетүүгө болобу?
Адам баласынын элеси, кыялы анын сезүү органдарынын чегинен чыга албайт, ошондуктан Алла Тааланы эле
Үч талактан соң аялы менен кайра кошулууга болобу?
“Талак” сөзү арабчадан “бошотуу”, “ыргытуу” деп которулат, ал эм
Бильярд ойносо болобу жана бильярд ойноочу жайын (клубун) ачса болобу?
Мээримдүү, Ырайымдуу Аллахтын аты менен الجواب حامدا و مصليا Бильярд спорттук оюндардын бири эке