KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Ифтарлыкты арамдан табылган каражат менен өткөрүү

Ифтарлыкты арамдан табылган каражат менен өткөрүү
Эгерде, адам каражатты арам жол менен иштеп таап жана ага ифтарлыктарды уюштура турган болсо, ал кабыл кылынабы?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан:

"لا تقبل الصلاة بغير طهور ولا صدقة من غلول" (جامع الترمذي، رقم: ١).

«Дааратсыз намаз жана арам (мүлктөн) кылынган садака кабыл кылынбайт”» (Тирмизи).

Башка хадисинде Аллахтын Элчиси (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айткан:

عن أبي هريرة قال: قال رسول الله صلى الله عليه وسلم: يا أيُّها النّاسُ إنَّ اللَّهَ طيِّبٌ لا يقبلُ إلّا طيِّبًا، وإنَّ اللَّهَ أمرَ المؤمنينَ بما أمرَ بِه المرسلينَ فقالَ: "يا أيُّها الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّباتِ واعْمَلُوا صالِحًا إِنِّي بِما تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ" وقالَ: "يا أيُّها الَّذِينَ آمَنُوا كُلُوا مِنْ طَيِّباتِ ما رَزَقْناكُمْ" قالَ: وذَكرَ الرَّجلَ يُطيلُ السَّفرَ أشعثَ أغبرَ يمدُّ يدَه إلى السَّماءِ يا ربِّ يا ربِّ ومطعمُه حرامٌ ومشربُه حرامٌ وملبسُه حرامٌ وغذِّيَ بالحرامِ فأنّى يستجابُ لذلِك. (الجامع الترمذي رقم: ۲٩۸٩).

«Эй, адамдар! Акыйкатта, Аллах Таала таза жана тазаны гана кабыл кылат. Акыйкатта, Аллах Таала ыймандууларга пайгамбарларга (кылууга) өкүм кылынган нерселерди (кылууга) өкүм кылат. Аллах Таала айткан:

«Эй, элчилер! Адалдарды гана ичип-жегиле жана жакшылык иштерди кылгыла. Акыйкатта, Мен силердин эмне кылганыңарды жакшы билүүчүмүн” (аль-Муминун, 51 аят), бөлөк жерде айтат: “Эй, ыйман келтиргендер, Биз насип кылган ырыскылардан жегиле” (аль-Бакара, 172 аят). Андан соң узак жол басып, үстү-башы чаң болгон жана колун асманга көтөрүп: “О, менин Роббим! О, менин Роббим!” – деп жалынып, дуба кылып жаткан адам жөнүндө айтып: “Бирок, анын тапканы арам, анын кийими арам жана жеген тамагы арам болгон соң анын дубасы кабыл болмок беле?” - деди.

Ошондуктан, уюштурган ифтарлыгына Аллах Тааладан сооп алуу үчүн, мусулман адам аны уруксат берилген адал жол менен табуу керек.

Шариятка ылайык, арам жол менен табылган нерсени мыйзамдуу ээсине кайтарып берүү керек, эгерде кандайдыр бир себептер менен аны табууга мүмкүн болбосо, анда ошол каражаттарды садака түрүндө кедейлерге жана колунда жокторго берип коюу зарыл.

Эскертүү: Эгерде кимдир бирөөнүн тапкан кирешесинде шек-күмөнү болсо,  анда ошол кирешеси тууралуу, анын адал же арам экендиги жөнүндө бул маселени билген аалымга кайрылып кеңеш суроосу керек.

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Исмайилов Жигитали
Жакты
+2
18:26
893

Башка фатвалар

Ар кандай арам жол менен табылган акчаны эмне кылуу керек?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде бирөө акчасын арам жол менен тапкан болс
Ифтарлык жөнүндө айтып береспи?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا — Ооз ачуу убактысы күн ба
Акыйка сөзсүз өткөрүш керекпи же шартка байланыштуубу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим  الجواب حامدا ومصليا Акыйка жакшы амал (мустахаб) бо