KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?

Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бөлөк бирөөлөр үчүн курмандык чалууга уруксат берилеби?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

– Бөлөк бирөө үчүн курмандык чалууга уруксат берилет. Бирок, бөлөк бирөө үчүн курмандык чала турган болсоңуз, сөзсүз ал кишинин уруксатын алышыңыз керек, болбосо, чалынган курмандыгыңыз жараксыз болот. 

ومنها أنه تجزئ فيها النيابة فيجوز للإنسان أن يضحي بنفسه وبغيره بإذنه لأنها قربة تتعلق بالمال فتجزئ فيها النيابة كأداء الزكاة وصدقة افطر ، ولأن كل أحد لا يقدر على مباشرة الذبح بنفسه خصوصا للنساء فلو لم تجز الاستبانة أدى إلى الحرج. (بدائع الصنائع ٥/٦٧ ط: دار الكتب العلمية).

Эгерде, өзүңөр жашаган аймакта жакын туугандар үчүн курмандык чалуу адаты болсо, анда бул учурда уруксат алуу милдеттүү эмес. Бирок, мындай адат жок болсо, анда уруксат алынат.

في الرد: قال في الذخيرة: لعله إلى أن العادة إذا جرت من الاب في كل سنة صار كالإذن  منهم فإن كان على هذا الوجه فما استحسنه ابو يوسف مستحسن. (رد المحتار ٦/٣١٥ ط: سعيد).

Бөлөктөрдүн атынан нафил (кошумча, милдеттүү эмес) курмандык чалуу үчүн, алардын уруксатын алуу милдеттүү эмес.

  Нафил курмандыгын тирүүлөр үчүн да жана өлгөндөр үчүн да чалууга уруксат берилет.

في الرد: قال في البدائع: لأن الموت لا لا يمنع التقرب عن الميت بدليل أنه يجوز أن يتصدق عنه ويحج عنه وقد صح "أن رسول الله صلى الله عليه وسلم ضحى بكبشين أحدهما عن نفسه والآخر عمن لم يذبح من أمته" وإن كان منهم من قد مات قبل أن يذبح... من  ضحى عن الميت يصنع كما يصنع في أضحية نفسه من التصدق والأكل والأجر للميت والملك للذابح. (رد المحتار ٦/٣٢٦ ط: سعيد).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
18:14
1623

Башка фатвалар

Тиши жок малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Малдын тиши таптакыр жок, же
Тукумсуз малды курмандык чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Тукумсуз ургаачы малды бычылган эркек
Сокур болгон малды курмандыкка чалууга уруксат берилеби?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Эгерде, курмандык малынын эки