KGRU darulifta.kg@gmail.com | «Көлмө» медресе | Бишкек, Жаштык, 52а/1, 720072
Ислам
жөнүндө
суроо-жооптор

Курмандыкты качан союу керек?

Курмандыкты качан союу керек?
Курмандыкты качан союу керек?

Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим

الجواب حامدا ومصليا

Курмандык малын союу Курман айт намазы окулуп бүтөөр замат башталып, Зуль-хижжа айынын он экисине Курман айт майрамы бүткөнгө чейин созулат.  Мындайча айтканда, жума жана айт намаздарын окуу фарз болгон жерде, Айт намазы окулуп бүткөнгө чейин курмандык малын союуга уруксат берилбейт, эгерде союлган болсо, ал кабыл алынбайт. Курмандыкты ушул айтылган күндөрдүн кайсы убактысында болсо да союуга уруксат берилет. Бирок, курмандыкты айттын биринчи күнү, андан соң экинчи күнү, болбосо үчүнчү күнү сойгон жакшы.  

وقت الأضحية ثلاثة أيام العاشر والحادي عشر والثاني عشر أولها أفضلها وآخرها أدونها... إلخ (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

Айт намаздарын окуу милдеттүү болбогон (мындайча айтканда айт, жума намаздарын окуу фарз  болбогон) айылдарда курмандык малын багымдат намазынын убактысы кирээр замат (субх ас-садык) союуга уруксат берилет. 

الوقت المستحب للتصحية في حق أهل السواد بعد طلوع الشمس. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

Эгерде, шаарда жашаган бирөө курмандыгынын малын айт намаздары окулбаган (фарз намаздары кыскартылып окула турган аралыктагы) айылга жибере турган болсо,  анда анын малын, ал жашаган шаарда айт намазы окулуп бүтүүсүн күтпөй эле, соё берүүгө уруксат берилет.

وحيلة المصري إذا أراد التعجيل أن يبعث بها إلى خارج المصر في موصع يجوز للمسافر أن يقصر فيضحي فيه كما طلع الفجر لأن وقتها من طلوعها الفجر. (البحر الرائق ٨/١٧٥ ط: سعيد).

Он экинчи күнү, күн уясына батаар замат курмандык малын союу убактысы аяктайт, ал эми союлуп кала турган болсо, этин  садака катары  таратып берип жиберүү керек. Ошондуктан курмандык малын убагында союу керек.

وقت الأضحية ثلاثة أيام العاشر والحادي عشر والثاني عشر أولها أفضلها وآخرها أدونها... فالمستحب بعد طلوع الفجر من يوم النحر إلى غروب الشمس من اليوم الثاني عشر... فإن أخر فالمستحب أن لا يأكل منه ويتصدق بالكل. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

Зуль хижжа айынын онунан баштап, он экиси күнү күн батканча, курман малын күндүзү да жана түндөсү да союга болот, бирок күндүзү чалган жакшыраак.

وقت الأضحية ثلاثة أيام العاشر والحادي عشر والثاني عشر أولها أفضلها وآخرها أدونها ويجوز في نهارها وليلها بعد طلوع الفجر من يوم النحر إلى غروب الشمس من اليوم الثاني عشر... إلخ (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

Эгерде, шаардын кайсы бир мечитинде же аянтында, же айт намазын окуга атайын бөлүнгөн бир жерде айт намазы окулуп бүткөн болсо, анда шаардын бардык жеринде курмандык малын союуга уруксат берилет, эгерде курмандык чалуучу адам айт намазын али окуй элек болсо да. 

إذا استخلف الإمام من يصلي بالضعفة في المسجد الجامع وخرج بنفسه إلى الجبانة مع الأقوياء فضحى رجل بعد ما انصرف أعل المسجد قبل أن يصلى أهل الجبانة في الاستحسان تجوز. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

Эгерде, кандайдыр бир себептер менен айт намазы ону күнү окулбай калса, анда ошол күнү завал убактысынан кийин курмандык чалууга уруксат берилет.

 إذا ترك الصلاة يوم النحر بعذر أو بغير عذر لا تجوز الأضحية حتى تزول الشمس. (الفتاوى الهندية ٥/٢٩٥ ط: رشيديه).

فقط و الله اعلم

Жооп берди:
Татиков Абдурахман
Текшерди:
Эратов Равшан, Исмайилов Жигитали
Которду:
Орусчадан которгон: Джаркынбаев Качкын
Жакты
+1
19:12
887

Башка фатвалар

Курмандык малын союу акысын малдын териси же аны анын эти аркылуу төлөөгө болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا – Малдын союу акысын анын этини
Курмандык чалуу үчүн карыз алууга болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Эгерде, ошол мусулман адамга курманды
Курмандык малын бир нече күн мурда сатып алып коюуга  болобу?
Бисмиллахир Рохмаанир Рохиим الجواب حامدا ومصليا Малды бир нече күн мурда сатып алып к